Лондон Бишкекти Россияга карата киргизилген санкцияларды бузду деп шектенүүдө — ЖМК

Лондон Бишкекти Россияга карата киргизилген санкцияларды бузду деп шектенүүдө — ЖМК

Улуу Британия Кыргызстанга кирген импорттук товарлардын кескин көбөйүшүнө жана республиканын Россияга каршы санкцияларды айланып өтүүгө жардам берип жатканына тынчсыздануусун билдирди. Мындай тыянакты Улуу Британиянын эксперттери соода жүгүртүү боюнча статистиканын негизинде айтышканын inews.co.uk британиялык басылмасы билдирди.

ЖМКнын маалыматына караганда, Улуу Британиядан "Кремлдин жакын өнөктөшү" болгон Кыргызстанга экспорт Россиянын Украинага чабуулу башталгандан кийин дароо өсө баштаган.

"Улуу Британиянын Кыргызстанга жөнөткөн товарларынын экспорту 2022-2023-жылдары 4000%дан ашык өскөн, ал эми кызмат көрсөтүүлөрдү кошкондо өлкөгө экспорттун жалпы көлөмү эки эседен ашык өскөн. Ошол эле мезгилде Кыргызстандын Россияга экспорту дагы эки эсеге көбөйүп, батыш товарлары андан ары Россияга экспорттоо үчүн КРга киргизилип жатат деген кооптонууну жаратты", – деп айтылат маалыматта.

Тактап айтканда, Лондон КРга электр генераторлорунун жана жол жабдууларынын (автоунааларды кошпогондо) экспортунун олуттуу өскөнүн белгиледи. Кыргызстанга алынып келинген товарлардын тизмесинде оргтехника жана өнөр жай жабдуулары да бар.

"Бирок Улуу Британиянын статистикасында көрсөтүлгөн экспорттук товарларды Россияга реэкспорттоо максатында Кыргызстанга атайылап жөнөтүлгөнү боюнча азырынча эч кандай далил жок", – дейт Лондон.

Улуу Британиянын бийлиги тарабынан 2023-жылдын март айында жарыяланган статистикага ылайык, Улуу Британиянын Кыргызстанга болгон жалпы экспорту 264%га өсүп, 51 млн фунт стерлингди түзгөн, ал эми товар экспорту бир жыл мурунку 1 млн фунттан 4100% га өсүп, 42 млн фунт стерлингге жеткен. Мисалы, акыркы бир жылда КР Улуу Британиядан 6.6 млн фунтка жол техникасын сатып алган.

"КРга экспорттун кескин көбөйүшү Кыргызстандын Россияга санкциялардан качууга жардам бергендигин ачык-айкын белгилеп турат. Улуу Британиянын КРга экспорту Англиянын жалпы эл аралык соодасына салыштырмалуу анча чоң эмес болсо да, ачык соодадан мүнөздүү четтөөлөрдү көрсөтөт", – дейт Эл аралык каржы институтунун (IIF) башкы экономисти Робин Брукс.

Лондон ошондой эле Евробиримдиктеги өлкөлөрдөн Кыргызстанга өткөн жылы экспорттун көлөмү 1 млрд евродон ашканын, бул былтыркыга салыштырмалуу 345%га көп экенин баса белгилейт. Улуу Британиядагыдай эле, КРдан эң көп суроо-талап жабдууларга болгон, анын соода көлөмү 640 млн еврону түзгөн.

Эске салсак, буга чейин АКШ Кыргызстанда жайгашкан төрт компанияга Россияга санкцияланган товарларды жөнөткөнү үчүн санкция киргизген. Кийинчерээк америкалык сенатор Боб Менендес Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, Россияга каршы киргизилген санкциялардан качууга жардам берүүнү токтотууга чакырган.

Мындан тышкары окуңуз

2 акча алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети токтотулду

2 акча алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети токтотулду

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк Бишкек шаарындагы 2 акча алмаштыруу бюролорунун лицензияларынын аракетин убактылуу токтотту. Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алар: - “Лекс Финанс” ЖЧКнын алмашуу бюросу. Лицензиясынын аракети 2026-жылдын 30-сентябрынан тартып 2026-жылдын 4-октябрын

Ишкер Media
Салык кызматынын пломбасын бузуп, эсепке алынбаган товарды ташуу фактысы аныкталды

Салык кызматынын пломбасын бузуп, эсепке алынбаган товарды ташуу фактысы аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош облусунун Кара-Суу районунда рейддик салыктык көзөмөл жүргүзүү учурунда Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып кирүүдө салык мыйзамдарынын талаптары бузулган фактыны аныкташты. МСКнын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, жүк ташуучу транспорт каражатын текшерүү учурунда буга чейин Салык кызматы тарабынан коюлган расмий пломбанын бузулуп, үзүлгөнү аныкталган. Мындан тышкары,

Ишкер Media
Азия оюндары-2026: Асан Жанышов, Раззак Бейшекеев жана Мээрим Жуманазарова сыйланды

Азия оюндары-2026: Асан Жанышов, Раззак Бейшекеев жана Мээрим Жуманазарова сыйланды

Кече, Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештердин алгачкы күнүнүн жыйынтыгы менен байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, сыйлоо аземине Кыргызстандын курама командасынын үч спортчу - Асан Жанышов, Раззак Бейшекеев жана Мээрим Жуманазарова катышты. Грек-

Ишкер Media
“Асман Эйрлайнс” авиабилеттердин баасы эмне үчүн кымбаттаганын түшүндүрдү

“Асман Эйрлайнс” авиабилеттердин баасы эмне үчүн кымбаттаганын түшүндүрдү

“Асман Эйрлайнс” ички каттамдардагы авиабилеттердин баасы кандайча түзүлөрүн түшүндүрдү. Компаниянын маалыматына караганда, 2026-жылдын башынан бери авиациялык күйүүчү майдын баасы КНСти эске алуу менен 95,7%га өскөн. Ушундан улам күйүүчү майга кеткен чыгымдардын компаниянын операциялык чыгымдарындагы үлүшү 60%дан 73%га чейин көбөйгөн. Мындан тышкары, учактарды техникалык тейлөөгө кеткен

Ишкер Media