Монголия жүндү кайра иштетүү боюнча биргелешкен өндүрүштү ачууга кызыкдар

Чынгыз Керимбеков
Монголия жүндү кайра иштетүү боюнча биргелешкен өндүрүштү ачууга кызыкдар

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Монголиядагы жер семирткичтерди өндүрүү боюнча «Монпелетс» ЖЧКсына барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, завод койдун жүнүн кайра иштетип, жер семирткичтерди өндүрөт. Компаниянын ээси Баянжав Цогбадрах министрге ишканадагы калдыксыз өндүрүш технологиясы тууралуу кеңири айтып берди. Цогбадрах мырза ошондой эле кыргыз бизнеси менен кызматташууну, анын ичинде Кыргызстандын аймагында биргелешкен өндүрүш ачуу мүмкүнчүлүгүн колдоого даяр экенин билдирди.

Жаныбеокв белгилегендей, жүндү кайра иштетүү жана жер семирткич өндүрүүнү өнүктүрүү Кыргызстандын айыл чарбасы үчүн стратегиялык мааниге ээ.

«Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги бул долбоорду ар тараптуу колдоо жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр. Инфраструктураны түзүү жана биргелешкен өндүрүштү ийгиликтүү ишке киргизүү үчүн кызыкдар тараптар менен, анын ичинде бизнес-коомчулуктун жана илимий мекемелердин өкүлдөрү менен консультациялар жана талкуулар өткөрүлөт», — деп Жаныбеков убаадалады.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости