CIPE өкүлдөрү Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктиги менен жолугушту

CIPE өкүлдөрү Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктиги менен жолугушту

Эл аралык жеке ишкердик борборунун (CIPE) өкүлдөрү Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктиги менен жолугушту. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Түштүк жана Борбордук Азия боюнча программалык офицер Зулфикар Кхан Борбордук Азия өлкөлөрүндө ишкер чөйрөнү жакшыртуу боюнча (IBECA) программасы жөнүндө айтып берди, ал жеке сектордун демилгелерин колдоого, каржылоого жана инвестицияларга жетүү үчүн анын потенциалын күчөтүүгө, жеке секторго АКШнын инвестицияларын илгерилетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого, аймактык эксперттик жана бизнес тармактарды түзүүнү, ошондой эле инвестицияларды тартуу үчүн эл аралык байланыштарды колдоого багытталган.

Жолугушуунун алкагында бизнес чөйрөнү жакшыртуу, экономикалык реформаларды жүргүзүү жана аймактык экономикалык интеграцияга жетишүү үчүн зарыл болгон тоскоолдуктарды жана артыкчылыктарды кошо алганда, улуттук ишкердик күн тартибинин маселелери талкууланды.

Маалымат үчүн: CIPE - бул АКШнын коммерциялык эмес соода палатасынын түзүмү, ал жеке ишкердик жана рынок реформалары аркылуу дүйнө жүзү боюнча демократияны чыңдоо менен алектенет. Акыркы төрт он жылдыкта CIPE 138 өлкөдө 2800дөн ашык программаларды ишке ашырган.

Read more

Элдик комиссия Жерүйгө барды

Элдик комиссия Жерүйгө барды

2024-жылдын 19-сентябрында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен «Жерүй» кенин иштетүүнү көзөмөлдөө боюнча элдик комиссиянын төрагасы Айдарбек Момунтаев баштаган делегация алтын ылгоочу фабриканын калдык сактоочу жайынын экинчи баскычынын курулуш процесси менен таанышышты. Бул тууралуу ишкана билдирди. Делегация компаниянын өкүлдөрү менен кошо биринчи баскычтагы калдык сактоочу жайды карап чыгып, андан соң экинчи

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 20.46 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын август айында 814.6 млн сом төлөнүп, жыл башынан бери бул сумма 4.3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелеринин жардамы менен акча которуулар дароо сиздин картаңызга кыргыз сому менен чегерилет. Жөнөтүүчү тиркемелердин биринде сиздин картаңыздын номерин киргизип, Компаньон Банкын тандашы керек. Акча которуулардын артыкчылыктары: * Комиссия 0%* * Которуулар бир заматта чегерилет * Ыңгайлуу конверсия курстары «Мир Привилегий» тиркемеси аркылуу которууну кантип жөнөтсө болот: * "Рекомендуем"

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Талас облусундагы Жерүй ГЭСин «Альянс Гидро» жана РКӨФ компаниялары курат. Тараптардын ортосундагы келишимге 12-сентябрда Ысык-Көлдө өткөн VI Кыргыз-Орус экономикалык форумунда кол коюлган. «Альянс Гидро» компаниясынын жетекчиси Александр Абрамов белгилегендей, тараптар ГЭСтин курулушун 25 млн долларга каржылоо боюнча келишимге кол коюшту, анын кубаттуулугу жылына 100гө жакын мегаваттка чейин жетет, жылына 1