Соң-Көлдүн жанында KyzArt Hotel мейманканасы ачылды
Нарындагы Соң-Көлдөн 20 чакырым аралыкта жайгашкан Кызарт айылында KyzArt Hotel мейманканасы ачылды. Бул тууралуу аталган отелдин жетекчиси Узакбек Бакиров ИШКЕР МЕДИАга билдирди.
Анын айтымында, отелге келген туристтер ал жерде токтоп, андан ары Соң-Көлгө жөө басып же ат минип кетишет.
"Он төрт номер бар, ар бирине экиден киши жатат. Андан беш номерге үчтөн жатса да болот. Ар биринде туалет, душ бар", - деди ал.
Белгилей кетсек, Узакбек Бакиров көп жылдан бери туризм тармагында чет элден келген туристтерге гид кызматын көрсөтүп келет. Ал буга чейин берген маегинде "Туризм — бул сонун нерсе, Кумтөрдүн алтынына караганда, акча элдин колуна түз тиет. Чет өлкөлүк турист Кыргызстанда бир күндө орточо 8-10 миң сом таштайт" деп айткан эле.
- Соң-Көл — Ички-Теңир-Тоонун бийик тоолорунун арасында деңиз деңгээлинен 3 миң метрден ашык бийиктикте жайгашкан көзгө көркөмдүү көлдөрдүн бири. Соң-Көлгө ар тарабынан 20дан ашуун агын суулар куюп, анын деңгээлин төмөндөтпөй турат. Жалпы аянты — 278 км², таза суунун көлөмү — 2,4 км³, узуну — 28 км, туурасы — 18 км. Орточо тайыздыгы — 8.6 м, максималдуу — 14 м.