Туризм — бул сонун нерсе, Кумтөрдүн алтынына караганда, акча элдин колуна түз тиет — Узакбек Бакиров

Туризм — бул сонун нерсе, Кумтөрдүн алтынына караганда, акча элдин колуна түз тиет — Узакбек Бакиров

Чет өлкөлүк турист Кыргызстанда бир күндө орточо 8-10 миң сом таштайт жана ал акча туристтик кызмат көрсөткөн жергиликтүү калктын колуна түз тиет. ИШКЕР MEDIA Кыргызстандын ичинде көп жылдан бери чет өлкөлүк туристтерге тур уюштуруп, бул тармактын ысык-суугун көрүп, өлкөнүн бүт аймагын түрө кыдырткан гид Узакбек Бакиров менен маектешип, кызыктуу маалыматтарды алды.

— Туризм тармагына эмне болуп келип калдыңыз?

— Туризмге бала чагымдан кызыгып калдым. Балалыгым Жумгалдын Кызарт деген Соң-Көлгө жакын айылында өттү. Бир жолу Соң-Көлгө кеткен Базар-Турук деген капчыгай сыяктуу жерден атчан келе жатып, бир туристти көрүп калдым. Анда тил билбесем да жаңдап, ага атка минүүнү сунуштадым. Негизи эле чет өлкөгө барууну, чет өлкөлүктөр менен иштешүүнү самачу элем. "Манас" университетинде дагы туризм факультетин бүтүрдүм. Кийин Түркияга практикага бардым, туризмге болгон кызыгуум арта берди. Ошентип туризм дүйнөсүнө келип калдык. Дипломумду алгандан кийин дагы мурда практикага барган Түркиянын беш жылдыздуу чоң отелинде алты жыл иштеп калдым. Кийин Кыргызстанга келишиме университеттеги агайым туризм жаатында фирма ачканы түрткү болуп, 2017-жылдан бери тушул жаатта иштеп келе жатам.

— Учурда кандай туризм менен алектенесиз?

— Негизи биз маданий, жаратылыш туризми менен иш алпарабыз. Туристтер өздөрүнүн каалоосунун негизинде программаларын айтышат. Алар канча жашта, канча күнгө, кайсы айда келишет, ошого жараша тур уюштуруп беребиз. Ал жерге бүркүт-шоу, тоолорго чыгуу, фольклордук чакан концерт көрсөтүү, айылдарды кыдыртуу, боз үйлөрдө жаткыруу сыяктуу сунуш, кызматтар бар. Кыскасы, турист эмнени кааласа, келген мезгилине жараша бардык программаларды сунуш кыла беребиз. Мисалы, кышында келе турган болсо Соң-Көлдү сунуштай албайбыз, ал жакта кар, кызмат көрсөткөн боз үйлөр болбойт. Андыктан Каракол сыяктуу кышкы туризм өнүккөн жактарга алпарабыз. Жайында болсо Ысык-Көлдөн баштап, Ошко чейин алып кете беребиз.

— Дегеле өлкөнүн кайсы облусу популярдуу, туристтер эмнелерди көргүсү келишет?

— Ал көбүнчө келген убактысына карата болот, мисалы, үч күнгө эле келсе, Чүй облусун эле кыдыртып коюшубуз мүмкүн. Чоң Кеминге барып ат мингизип, андан ары Бурананы көрсөтүп дегендей. Бирок көбүнчө жети күнгө келишет. Келгенде "Манас" аэропортуна келишкендиктен ошол күнү эле Ошко алып кете албайбыз. Биринчи Ысык-Көлдү айландырабыз, Караколдун тегерек четинде көп калышат, анткени ал жерде шаардын улуттук паркы, Алтын-Арашанда хайкинг жолдору бар, ошолорду кыдыртып Жети-Өгүз, "Жомок" каньондоруна алпарабыз. Андан ары Бөкөнбайдын тегерек чети абдан өнүккөн, бүркүтчүлөр да ошол жерде, фольклор шоуну да ошол жерден көрсөтөбүз, боз үй лагерлери да көп, туристтер ошол жакты жакшы көрүшөт. Андан соң, Соң-Көлгө алып барып, анан Бишкекке алып келип узатып коебуз. Эгерде он төрт күнгө келишсе, Нарын, Жалал-Абад, Ошко алпарабыз. Көбүнчө эле аз убакытка келгендиктен Ысык-Көл менен Нарынды кыдырышат.

— Бир жылда канча турист тейлейсиздер?

— Ар кандай. Мен патент менен иштейм, бир жылда 100-120дай турист тейлейм. Бизде сезон кыска, майда башталат. Бир кишинин мүмкүнчүлүгү деле ошого жетет. Бирок андан сырткары, мал чарбабыз бар.

— Бир турист орточо КРга канча акча калтырат?

— Туризм — бул сонун нерсе. Мисалы, Кумтөрдөн алтын казылса, ал сатылып бюджетке барат, иштеген кишилерге төлөнөт, анан мамлекет кайсы тарапка жумшоону туура көрсө, ошого карап сарпталат. Туризмде болсо, турист келет, бир айдоочу, бир гидди алат, аларга акча төлөйт. Андан ары кетип баратып Кеминдин жүгөрүсүн, каттамасын жейт, Чоң Кеминге барып мейманканасында жатат, ат минет, ал жерде иштегендерге акча төлөйт. Эртеси күнү Чолпон-Атага барып кемесине түшөт, ресторанына барып тамак жейт, ошентип токтоп отуруп Караколго барат. Мындайча айтканда, бир эле турист бир канча жерге токтоп, акча таштайт.

Бир турист орточо канча таштайт деген суроого так жооп берүү кыйын, себеби, бай туристтер бар, аз акча менен келгендери бар. Бирок Кыргызстанга келген чет элдик турист жок эле дегенде күнүнө жүз доллар таштайт, 8 миң сомдон 10 миң сомго чейин сөзсүз түрдө калтырат. Мен эми тажрыйбама карап айтып жатам. Мисалы, мейманканаларда эки кишилик орундугу менен номерлер жок дегенде элүү доллар турат. Андан сырткары, жүргөн машинасы бар.

Туристтер жакшы акча калтырат, ал акча региондорго тең бөлүнөт. Бул көп жумуш орундары менен камсыздаган тармак — бул биздин келечегибиз деп ойлойм.

— Сиздин байкооңузда Кыргызстанда туризм кандай өнүгүп жатат жана кайсы мамлекеттен көп келишүүдө?

— Туризм азыр жакшы өнүгүп жатат, буга бир канча факторлор себеп, биринчиден, бир канча жыл мурда Кыргызстан өнүккөн европалык өлкөлөргө визаны алып салганы өтө чоң түрткү болду. Экинчиден, электрондук визаны киргизди.

Инфраструктура, жолдор жакшы салынса эле мейманканаларды элдер өздөрү эле куруп алышат. Виза жагынан жеңилдиктер дагы берилсе, туризм дагы да дүркүрөп өнүкмөк.

Кайсы өлкөдөн көп келишет, менин байкоомдо, Кыргызстанга европалык туристтер көп келишет, анын ичинен француздарды көп көрөм. Бирок кээде ар кандай болуп калат, мисалы, быйылкы сезонду айтсам, Дубайда жашаган чет элдиктер көп келишүүдө. 2023-жылдын июнь-июль айына карата Дубайлык индустар көп келип жатышат. Алар өтө акчалуу болушат, Дубайда жергиликтүү калктан да көп чет элдиктер жашашат эмеспи, алардын арасында индустар көп экен. Азыр көбүнчө IT, камсыздандыруу тармагында, фирмаларда иштегендер келип жатышат. Ага эмне себеп десек, индустарга Европага виза алуу өтө кыйын экен. Ошондуктан бизге келишүүдө, бизде жакшы шарттар түзүлгөн. Бир индус Дубайда туруктуу жашаган визасын биздин аэропортто көрсөтсө, бираз акча алып туруп печать басып киргизишет. Жайкысын Дубай ыссык, чөл, ал эми биздин тоолор жапжашыл, салкын болгондуктан агылып келип, жакшы акча таштап кетип жатышат. Израилден да келгендерди көрүп жатам, Кореяга түз авикаттам ачылгандан бери корейлер да келип башташты, ошондой эле бизге араптар да көп келишет.

Туристтердин келиши көбүрөөк түз аба каттамдарга, визага, учак билеттеринин бааларына байланыштуу. Биз алыскы чет өлкөлүктөр менен иштегенибиз үчүн ошолор тууралуу айтып жатам. Ал эми Чолпон-Атаны карасак, казактар менен орустар көп. Россияга көп өлкөлөр жабылгандыктан келе башташты, дүйнөдөгү саясий кырдаалдар туризмде багыттардын өзгөрүшүнө таасир берет.

Read more

Компаньон Банкы CERISE+SPTF’ден алтын сертификатка ээ болду

Компаньон Банкы CERISE+SPTF’ден алтын сертификатка ээ болду

Компаньон Банкы CERISE+SPTF тарабынан кардарларды коргоо принциптерине шайкештиктин алтын сертификатын алды. Кардарларды коргоо компаниялардын социалдык жоопкерчилигинин негизи болуп саналат, ошол себептен Компаньон Банкы кардарлардын муктаждыктарын гана канааттандырбастан, алардын жыргалчылыгына жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошкон финансылык кызматтарды түзүүгө умтулат. Банктын өнүмдөрү жана кызматтары кардарларга күнүмдүк муктаждыктарын чечүүгө, мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга жана

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 2016-жылдан бери Талас облусунда дене тарбия жана спортту колдоого багытталган 98 долбоор үчүн 41.5 млн сом жумшаса, акыркы бир жыл аралыгында 8.7 млн сом каражат жумшалып 12 долбоор ишке ашкан. Бул тууралуу «Альянс Алтын» тоо кен ишканасы билдирди. Алардын бири, 2024-жылдын 24-июлунда «Альянс Алтын»

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» компаниясы Талас облусунан чыккан 2024-жылы Париждеги Олимпиада оюндары менен Дүйнө чемпионатына бара турган Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрүнө колдоо көрсөттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Чоң мелдешке жолдомо алган спортчуларга 100 миң сомдон акчалай сыйлык жана спорттук кийим тапшырылды. Олимп оюндарына жолдомо алган Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Үзүр

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 18.6 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын май айында 927.4 млн сом төлөнүп, бул акыркы үч жыл ичиндеги айларга салыштырмалуу эң чоң салык төлөмү болду. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин компания «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны