Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы «Яндекс.Таксиге» жазма эскертүү берди

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы «Яндекс.Таксиге»  жазма эскертүү берди
Photo by Sergey Tarasov / Unsplash

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы «Яндекс.Таксиге» жазма эскертүү берди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Мекеме кайрылууларынын ошондой эле «Яндекс.Такси Корп» ЖЧКсынын аракеттери боюнча интернетте таркалып жаткан маалыматтардын негизинде, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында компаниясы тарабынан берилген материалдар жана компаниянын иши тууралуу маалыматтар талданды.

Материалдарды кароонун алкагында «Яндекс. Такси Корп» ЖЧКсы тарабынан мыйзамдын талаптарына ылайык келбеген төмөндөгүдөй аракеттер аныкталды:

- керектөөчүгө толук жана так маалыматтар жеткирилген эмес;

- көрсөтүлүүчү кызматтардын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылбоо;

- суроо-талап күчөгөн мезгилде тарифтерди түзүү механизминин түшүнүксүздүгү.

Жогорудагыларга байланыштуу, КРнын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык, Кызмат тарабынан жазма эскертүү (предписание) берилди. Аны аткарууга 2023-жылдын 7-сентябрына чейин убакыт берилди.

Read more

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Таластын чек арачыларына жардам берди

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Таластын чек арачыларына жардам берди

Талас облусундагы «Чоң-Капка-автожол» көзөмөл өткөрмө пунктунда реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди. Такталгандай, 2017-жылы фонддун каржылык колдоосу менен кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Чоң-Капка-автожол» көзөмөл өткөрмө пунктунда реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн. Алсак заманбап үлгүдөгү стелла тургузулуп, чек-аранын кире беришиндеги структуралык арканын эки бетине кечкисин жануучу

«Альянс Алтын» ишканасы «Жылдын мыкты жумуш берүүчүсү» сыйлыгын алды

«Альянс Алтын» ишканасы «Жылдын мыкты жумуш берүүчүсү» сыйлыгын алды

«Альянс Алтын» ЖЧКсы «Жылдын мыкты жумуш берүүчүсү» номинациясында AmCham Awards 2024 сыйлыгын алды. Сыйлык тапшыруу аземи 2024-жылдын 12-декабрында Америкалык Соода Палатасынын AmCham GALA 2024 жылдык иш-чарасынын алкагында өттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. «Альянс Алтын» компаниясы үчүн кызматкерлер ар дайым негизги баалуулук болуп келген. Алардын бакубаттуулугуна дайыма көңүл буруу,

Элдик курултайдын делегаттары Жерүй кенинин иши менен таанышты

Элдик курултайдын делегаттары Жерүй кенинин иши менен таанышты

Талас облусунан дайындалган III Элдик курултайдын делегаттары 2024-жылдын 17-декабрь күнү Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө компания делегаттарды Талас алтын кен комбинатынын иштөө процесси, калдык сактоочу жайдын абалы менен тааныштырышты. Андан сырткары тегерек стол уюштурулуп делегаттар

Жерүйдө калдык сактоочу жайдын экинчи этабынын  курулушу текшерилди

Жерүйдө калдык сактоочу жайдын экинчи этабынын курулушу текшерилди

Талас облусундагы Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясынын чакыруусу менен облустагы жарандык активисттерден түзүлгөн Элдик комиссиянын өкүлдөрү кенге барышты. Аталган комиссия буга чейин дагы бир нече жолу кендин иши менен таанышып, көзөмөл жүргүзүп келишкен. Бул ирээт кендин аймагындагы калдык сактоочу жайдын экинчи баскычынын курулуш иштеринин аякташы менен таанышуу болду. Бул