Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Ысык-Көлдө агробизнес боюнча эл аралык саммит өтөт

Ишкер Media
Ысык-Көлдө агробизнес боюнча эл аралык саммит өтөт

27-29-августта Ысык-Көлдө "Борбор Азиядагы Агробизнес: Интеграция. Модернизация. Ийгилик" аттуу эл аралык саммит өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Берилген маалыматка таянсак, иш-чарада пленардык сессия, тематикалык бөлүмдөр жана мастер-класстарда каржылоо моделдери, дан, картошка, сүт жана эт бизнесин өнүктүрүү стратегиялары, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү технологиялары сыяктуу темалар камтылат. Көргөзмөнүн алкагында агробизнес адистерине модернизациялоо чечимдери сунушталат.

"Саммит фермерлерге, айыл чарба ишканаларынын жетекчилерине жана адистерине, айыл чарбасы үчүн жабдууларды жана өндүрүш каражаттарын берүүчүлөргө, бизнес-ассоциациялардын, мамлекеттик органдардын, финансы секторунун, кайра иштетүүчү ишканалардын жана соода-сатыктын өкүлдөрүнө багытталган", - дейт министрлик.

Иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдөн 300гө жакын катышуучулардын келиши күтүлүүдө.

Ошондой эле Австриядан, Англиядан, Германиядан, Казакстандан, Кыргызстандан, Кытайдан, Кореядан, АКШдан жана башка өлкөлөрдөн келген 20га жакын компаниялардын агрардык өндүрүш үчүн жабдуулары жана чечимдери менен таанышууга болот.

Саммит дүйнөдөгү эң ири айыл чарба техникасынын көргөзмөсүн утурлай дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө өткөрүлүп жаткан AGRITECHNICA on Tour эл аралык иш-чаралар сериясынын алкагында өтөт.

  • Иш-чара Бостери айылында, «Байтур» комплексинде болот.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости