"АМАН-ГРИНФУД", "АКВА ПРОМ", "ТОРО" – Кыргызстан Кытайга бал, эт жана балык экспорттоо боюнча макулдашты
!["АМАН-ГРИНФУД", "АКВА ПРОМ", "ТОРО" – Кыргызстан Кытайга бал, эт жана балык экспорттоо боюнча макулдашты](/content/images/size/w1200/2023/08/--------------------357.webp)
Кыргызстан Кытайга табигый бал, балык жана эт экпорттойт. Бул тууралуу Үрүмчү шаарында өткөн "ЭКСПО Кытай – Евразия азыктары жана соода-2023" көргөзмөсүнүн жыйынтыгында белгилүү болгонун Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Министрлик бул көргөзмөнүн алкагында эт жана эт азыктарын, балык ошондой эле табигый балды экспорттоо боюнча келишимдер жана макулдашуулар ийгиликтүү түзүлгөнүн кабарлады.
- Жалпы суммасы 500 млн сомдон ашык табигый балды экспорттоо боюнча келишим түзүлгөн
- 20 миң тонна көлөмүндө балык жана балык азыктарын экспорттоо
- экспортко 100 миң тонна эт жеткирүү боюнча макулдашуу болгон.
Министрлер кабинетинин маалыматына таянсак, төмөнкү компаниялар макулдашышкан:
- КРдан "АМАН-ГРИНФУД" ЖЧК менен кытайлык " Xinjiang Deyuanxiang Trading Co., Ltd." компаниясынын ортосунда КРдан КЭРге балды экспорттоо жөнүндө макулдашуу
- КРдан "ТОРО" ЖЧК менен кытайлык «Tianjin KuaiXianSong Vegetable Sales Co., Ltd» компаниясынын ортосунда КРдан КЭРге эт экспорттоо жөнүндө макулдашуу
- КРнын "АКВА ПРОМ" ЖЧК менен кытайлык «Tianjin KuaiXianSong Vegetable Sales Co., Ltd» компаниясынын ортосунда КРдан Кытайга балык экспорттоо жөнүндө макулдашуу.
![](https://im.kg/content/images/2023/08/368282276_635237162031258_2436271046704776235_n.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/08/369076129_635237192031255_6430203444072232886_n.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/08/369159911_635237185364589_2852714471573392549_n.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/08/369247010_635237202031254_7991481710432474642_n.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/08/369592529_635237168697924_3711733744829127386_n.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/08/369798579_635237208697920_3163190498226643451_n.jpg)