Бишкектен түштүктү карай 20 километр аралыкта «Байтик Ресорт» курорту пайда болот. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.
Фонд маалымдагандай, учурда иштебей турган «Политех», «Кашка-Суу» жана «Оруу-Сай» эс алуу жайлары бир кластерге бириктирилет.
Долбоордун башкы максаттарынын бири – элди тоо лыжасына тартуу болуп саналат. Анын иши жай мезгилинде да иши токтобойт. Каалоочулар ысыктан калкаланып, спорт менен машыгып, убактысын кызыктуу өткөрүп кетсе болот. Эс алуу жайынын эң чоң артыкчылыгы - борбор калаага жакын жайгашкандыгы.
Бул долбоор 2022-жылы Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан демилгеленген. Жакында долбоор министрлеркКабинетинин төрагасына жана бир канча мекемелердин башчыларына жиберилген жана ал жактан андан аркы өнүктүрүү планы жактырылган.