Бишкекте шаурма жеген 21 адам ууланды

Бишкекте шаурма жеген 21 адам ууланды

Бишкектин Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Беш Лаваш» жана «Мидос» тез татымдарынан шаурма жегендер ууланышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, массалык уулануудан 21 адам жабыркады. 15 адам, анын ичинде 2 бала Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Калган 6 адам амбулатордук дарыланууда.

"Иликтөөнүн жүрүшүндө даяр шаурманын үлгүлөрү, ингредиенттер жана башкалар санитардык жана микробиологиялык изилдөөлөр үчүн алынды", — деп айтылат маалыматта.

Тез татым жайына бузуулар үчүн 72 миң сом айып салынып, бузууларды жокко чыгарганга убактылуу жабылды.

Ошондой эле саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектин мамлекеттик эпидемиялык көзөмөл борборунда жапырт уулануу фактысы боюнча кеңешме өткөрдү.

Мындан тышкары окуңуз

Түптө өсүмдүк майын өндүрүүнү кеңейтүүгө колдоо көрсөтүлөт

Түптө өсүмдүк майын өндүрүүнү кеңейтүүгө колдоо көрсөтүлөт

Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев аймактагы кайра иштетүүчү ишканалардын жана айыл чарба кооперативдеринин ишмердүүлүгү менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, Түп районундагы "Эрдик" кооперативине өзгөчө көңүл бурулуп, анда жаңы сафлор жана зыгыр майын

Кыргызстанда 3,5 баллдык жер титирөө катталды

Кыргызстанда 3,5 баллдык жер титирөө катталды

14-июнда таңкы саат 05:11де өлкө аймагында жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Шиленкана айылынан түндүк-чыгышка карай 6 чакырым, Торкент айылынан түндүк-чыгышка карай 19 чакырым жана Токтогул шаарчасынан чыгышты көздөй 36 чакырым аралыкта болгон. Жер титирөөнүн күчү Шиленкана айылында болжол менен 3,5

Электр менен жылытууга жаңы объекттерди кошууга коюлган чектөө узарды

Электр менен жылытууга жаңы объекттерди кошууга коюлган чектөө узарды

Министрлер кабинети Токтогул суу сактагычында суу жетиштүү көлөмдө топтолгонго чейин электр энергиясын көп керектеген жаңы объекттерди тармакка кошууга киргизилген чектөөнү күчүндө калтырды. Бул тууралуу өкмөттүн 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча кабыл алган токтомунда көрсөтүлөт. Токтомдо калкты электр энергиясы, жаратылыш газы жана көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча

Дастан Бекешев: Жаштар ашыкча насыя алып жатышат

Дастан Бекешев: Жаштар ашыкча насыя алып жатышат

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Улуттук банктын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун кароо учурунда өлкөнүн каржы секторундагы бир катар көйгөйлөргө көңүл буруу зарылдыгын билдирди. Депутаттын социалдык баракчасында жазган билдирүүсүнө караганда, бюджет боюнча комитеттин жыйынында Улуттук банктын отчету угулуп, анда каржы кызматтарын пайдалануучулардын укуктарын коргоо маселеси, жаштардын ашыкча насыяга батышы жана