Мэрия коомдук транспортту жөнгө сала албай жатып, ишкерлер кыла турган такси тармагына да киришип жатат — ЖИА

Мэрия коомдук транспортту жөнгө сала албай жатып, эми такси тармагына да киришип жатат. Мындай пикирин ЖИА бизнес-ассоциациясынын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу ИШКЕР MEDIA басылмасына берген маегинде билдирди.

Анын пикиринде, мамлекеттин функциясы — ылайыктуу мыйзамдарды иштеп, шарт түзүп берип, оюндун эрежелерин так белгилеп коюу. Ошондо шыктуу, таланттуу тобокелчиликти ала турган, акчаны да таба турган ишкер өзү чыгат. Экотакси бизнесин деле ишкерлер өздөрү жасап кетмек.

"Мэрия азыр коомдук транспортту жөнгө сала албай жатат. Эми келип такси тармагына да киришип жатат. Мамлекеттин казынасы элден, ишкерлердин салыгынан чогулат. Мындайча айтканда, ишкерлерден түшкөн салыктан мамлекет бизнес жасап жатат. Кайра келип ишкерлерге конкуренция болуп, монополияга айланганы жатат. Бул оюндун эрежесин бузгандык", деди ал.

Ошондой эле ЖИАнын директору Азыр Кыргызстанда 4 миңден ашык электромобиль бар экенин, бирок станциялардын баарына иштөөгө уруксат бериле электигин кошумчалады.

"Мамлекет станцияны, электр энергиянын баасын жеңилдетип, кайсы бир унаа коюучу жайларды бекер кылып, тийиштүү атайын номурларды берсе болот. Ушул сыяктуу жеңилдиктерди койсо, эл өзүнөн өзү эле буга өтүп кетмек. Мисалы, унааңызды токтотуучу жайга кое албай жатсаңыз, жай жок болсо, бирок электромобилге жай бар болсо, электромобиль алууга өзүңүз эле чечим кабыл алмаксыз. Мэриянын бул тармакка киргени такыр туура эмес деп ойлойм. Мамлекет бизнес жасабаш керек, мамлекет бизнеске шарт түзүп бериш керек. Дүйнөлүк практикада бул далилденген", — деди Жээнбай уулу.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык экотакси демилгесин өнүктүрүүнүн алкагында 2 миң электромобил сатып алууну пландоодо жана ал унаалардын биринчи партиясы борборго келди.

Мамлекет оюндун эрежелерин эле так белгилеп койсо таланттуу ишкерлер көбөйөт — ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу
2006-жылы прогрессивдүү ишкерлердин демилгеси менен түзүлүп, бардык облустарда кеңселерин ачып, учурда Кыргызстанда орто жана чакан бизнестин миңдеген өкүлүнүн башын бириктирип, ишкерлерди колдоп, алардын көйгөйүн көтөрүп келген ар тармактуу бизнес-ассоциация ЖИАнын учурдагы жетекчиси Аззамбек Жээнб…