Subscribe to Our Newsletter

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Мамлекет оюндун эрежелерин эле так белгилеп койсо таланттуу ишкерлер көбөйөт — ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу

2006-жылы прогрессивдүү ишкерлердин демилгеси менен түзүлүп, бардык облустарда кеңселерин ачып, учурда Кыргызстанда орто жана чакан бизнестин миңдеген өкүлүнүн башын бириктирип, ишкерлерди колдоп, алардын көйгөйүн көтөрүп келген ар тармактуу бизнес-ассоциация ЖИАнын учурдагы жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу менен маектин биринчи бөлүгүн бул жерден окусаңыз болот. — Кыргызстандыктар өздөрүнүн азыктарын брендге айлантканды билишпейт деген

Назира Абдиева profile image
by Назира Абдиева
Мамлекет оюндун эрежелерин эле так белгилеп койсо таланттуу ишкерлер көбөйөт — ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу

2006-жылы прогрессивдүү ишкерлердин демилгеси менен түзүлүп, бардык облустарда кеңселерин ачып, учурда Кыргызстанда орто жана чакан бизнестин миңдеген өкүлүнүн башын бириктирип, ишкерлерди колдоп, алардын көйгөйүн көтөрүп келген ар тармактуу бизнес-ассоциация ЖИАнын учурдагы жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу менен маектин биринчи бөлүгүн бул жерден окусаңыз болот.

— Кыргызстандыктар өздөрүнүн азыктарын брендге айлантканды билишпейт деген пикир бар. Сиз кандай карайсыз буга?

— Пандемиядан кийин санарипке — онлайн платформаларга, маркет плейстерге өтүп жатпайбызбы. Ушул жерден бул муктаждык чыгып жатат, биздин ишкерлер жөн гана продукция эмес, аны брендге айландырып сатышы керек экен. Ага акырындап өтүп жатышат, бирок ишкер качан гана аны аң-сезими менен түшүнгөнгөндө аны батыраак, анан туура жасайт.

Акыркы учурда 3 жүз миңге жакын киши иштеген, сырттан эң көп акча алып келген жана экономиканын экспорттогу басымдуу бөлүгүн ээлеген тигүү тармагы болууда. Бул тармакта кийимдер көп көлөмдө чыгарылат, бирок аз акча алып келет.

Кыргызстанда "Текстиль Транс" чыгарган "Меники" деген бренд аз чыгарып, көп каражат тартууда. Азыр бир канча компаниялар өздөрүнүн бренддерин чыгарып, өзүбүздүн рынокто сата башташты. Бара-бара экспортко да ушул нерсе жакшы чыгат.

Баса, белгилеп коюш керек, өзгөчө аймактарда Жапон эл аралык кызматташтык уюму JICA "Бир айыл — бир продукт" деген долбоорунун алкагында ар бир регион өзүнүн уникалдуу азыгын продукт кылып чыгарып башташты. JICA менен кызматташып, ар бир облустун брендбугун ЖИА жасап берди. Көп ишкерлердин өзгөчө продукттары чыкты. Мисалы, мурда жөн эле өрүктү чыгарып жатышса, андан шоколад жасап, балды болсо жакшылап таңгактап чыгарганды үйрөнүштү, же бал менен жаңгакты кошуп чыгарып башташты. Бул сыяктуу толтура үлгүлөр бар, бирок аны көлөмдүү кылып, системага салып чыгарыш керек, автоматизацияласа көбүрөөк болуп, сыртка дагы сата алабыз. Экинчиден, бул багытта кыргыз ишкерлери дагы ишнеимге ээ болушубуз керек. Кыргыздар жасаган продукция бул сапаттуу, таза деген түшүнүктү чет өлкөлүктөргө киргизишибиз керек. Баса, ошол эле "Кыргыз арагы" чет жакта жакшы статуска ээ экен, эл аралык рынокто бааланат экен. Кыргыз балы да арап өлкөлөрүндө бааланат. Ушул сыяктуу ар бир тармакта өзүбүздүн ордубузду табышыбыз керек.

— Жогоруда түштүктөгү облустар тууралуу сөз болду. Түндүк облустарда бизнес кандай болуп жатат, айтып берсеңиз, ошол эле Таластан баштасаңыз болот.

— Талас экспорт боюнча биринчи орунда турат. Басымдуу жалаң экспортко кеткен азык — бул төө буурчак. Жылына 80-90 миң тонна экспорттолот. Биздин изилдөөдө Таласта 72% соода жана тейлөө тармагында иштешет. Талас облусунун ылдыйкы тарабы Казакстанга помидор, капуста, жашылча-жемиш чыгарышат. Өйдө жактагы Кара-Буура, Талас, Бакай-Ата райондору фасоль, кара өрүк чыгарышат. Кара өрүктү дагы Россияга, Казакстанга экспорттошот. Таластын төө буурчагы Балкан өлкөлөрүнөн тартып учурда Индияга чейин экспорттолуп жатат. Андан сырткары, Таласта 5-6 завод бар, сүттү Казакстан менен Россияга сатат. Россия Таластын сүт азыктарын жакшы баалайт. Негизи эле сүт азыктары боюнча Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустары алдыда турат.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Белорусия кургатылган сүт боюнча алдыда, ал өзүн камсыздайт жана экспортко чыгарат экен. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү боюнча Кыргызстан алдыда экен. Кургатылган сүт Казакстан, Россия, Өзбекстанга да чыгып баштады. Кургатылган сүт боюнча ошол эле Бангладештен бизге азыр кайрылуу болуп жатат. Биз ассоциация катары жаны рынокторрду карап жатабыз. Бизге РФ, КР белгилүү, Европага анча-мынча чыгып жатабыз, азыр мына Кытай, Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрү бизге биринчиден жакын, рынок чоң. Алардын өзүнөн да кызыгуу бар. Мисалы, Индияны ала турган болсок, ал жерде 1 млрддан ашык калк бар, ошонун жанын 200 млн калкы бар Бангладеш турат, андан тышкары Непал, Индонезия, Пакистан толтура өлкөлөр турат, болгону логистика жагын ойлонуштурубуз керек. Ошол өлкөлөрдүн бардыгы биздин продукцияларга муктаж, алардан алсак да болот, аларга сатсак да болот. Ал эми ошол элдин 2-3% эле турист болуп келсе, туристтер жайнамак. Ысык-Көл, Нарында туризм тармагы алдыда экени белгилүү.

— Потенциалы болуп, бирок ага көңүл бурулбай жатат деп кайсы тармакты айтар элеңиз?

— Туризмди биз жетишерлик колдоно албай жатабыз. Биз туризм деп жөн гана төрт тарабын жасап, үстүн жаап туруп эле турист кабыл алып жатабыз. Кошумча тейлөөлөрдү сунуштап, турист көбүрөөк акча таштай турган кылсак болот. 100 долларлык жерден 1 миң доллар түшө турган кылсак да болот эле. Биз чакан, тоолу өлкөбүз, ошол тоо-таштарыбыз менен, сууларыбыз менен, адам ресурсу менен акча тартсак болот.

Биз айыл чарба тармагында Өзбекстан менен атаандаша албайбыз, мисалы, ал жактын помидорлору эрте бышып, биздин рынокту жаап салат. Эсиңизде болсо, мындан 10 жыл мурда күнөсканалар өтө жакшы өнүгүп жаткан болчу, бирок Өзбекстан 2017-жылы чек араны ачты, бизде күнөскана бизнеси токтоп калды, мурдагыдай актуалдуулугун жоготту. Себеби, эмне болбосун Өзбекстандын айыл чарба азыктарына туруштук бере албайбыз. Ал жактын рыногу чоң, Казакстан деле ошондой, Тажикстан деле айыл чарбадан жакшы. Биз сан менен эмес, сапат менен гана аларга туруштук бере алабыз. Мисалы, 1 тонна помидорду биз 100 кг бал менен жабышыбыз мүмкүн. Ошондуктан бренд менен, экологиялык таза чыгарып, чийки зат түрүндө эмес, даяр азык чыгарышыбыз керек.

Кыргызстанда 30 миңден ашык агын суулар бар деп айтылат, а биз болсо төрт өлкөдөн суу импорт кылабыз. Түшүнүксүз. Демек, бул тарапта саясатты өзгөртүш керек. Чакан ГЭСтер өнүгүш керек. Америкадан келген эксперт айтат, Нью-Йоркто ток өткөргөн зымдар бар эмеспи, ошол гана мамлекеттики экен, калганын баары жеке сектор куруп, мамлекетке сатат, мамлекет таратып берет. Бизде тескерисинче, баарын мамлекет жасайт. Бизде азыр "Бир айыл — бир ГЭС" деген жаңы демилге чыгып жатат. Бир айылда жок дегенде чакан дарыя бар, ошол жерге чакан бир ГЭС курулса, бир айылды камсыз кылат. Токтогулдан чыккан электр энергиясын Баткенге тартып отурбай, ушундай ыкмаларды тапсак болот.

Мамлекет инвестиция тарта албайт, качан гана жеке секторго инвестиция кылганда инвесторлор келе баштайт. Айталы, америкалык инвестор Кыргызстанга кирем десе биринчи бул өлкөдө Америкадан инвестор барбы, жокпу ошону карайт. Эгер Казакстанда болгон болсо, ал ошол жакка барат. Алар үчүн Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан айырмасы жок, алар регионду жалпы бир карайт. Кайсы жака канал ачылган болсо, ошол тарапка киришет. Жеке сектор жасаса, жумуш бат жүрөт, жакшы да көзөмөлдөнөт. Анткени өзүңдү өзүн контролдошуң кыйын, бирок бирөөнү контролдогон оңой. Мамлекет ишкерлерге шарт түзүп, стандарттарды коюп туруп, көзөмөлдөп турса жакшы болмок.

— Сиз социалдык түйүндө мэриянын этротаксилерди алып келишин сынга алдыңыз, бул нерсени ишкерлер жасаш керек дедиңиз.

— Мамлекеттин функциясы эмне? Аны жарандардын мамилесин камсыздоочу тарап десек болот. Ылайыктуу мыйзамдарды иштеп, шарт түзүп берип, оюндун эрежелерин так белгилеп койсо, ошого шыктуу, таланттуу тобокелчиликти ала турган, акчаны да таба турган ишкер өзү чыгат. Ошолор өздөрү жасап кетет.

Мэрия азыр коомдук транспортту жөнгө сала албай жатат. Эми келип такси тармагына да киришип жатат. Мамлекеттин казынасы элден, ишкерлердин салыгынан чогулуп жатат. Мындайча айтканда, ишкерлерден түшкөн салыктан мамлекет бизнес жасап жатат. Кайра келип ишкерлерге конкуренция болуп, монополияга айланганы жатат. Бул оюндун эрежесин бузгандык.
Мамлекет буга кийлигишпей бирдей шартты коюп койсо, ишкерлер бири-бири менен атаандашып, бул ишти жакшы жасамак. Мамлекет эч качан бир нерсени жакшы жасай албайт, себеби мамлекеттик машинада чоң бюрократия бар, сөзсүз түрдө жогорудан уруксат алыш керек болот. Ал эми ишкер жоопкерчиликти өзү алып, кызматкерлери үчүн да жооп берип, чечимди да бат кабыл алат. Үстүнөн көзөмөлдөөчү мамлекет болгондуктан бизнесине жоопкерчиликтүү да мамиле кылат.

Азыр Кыргызстанда 4 миңден ашык электромобиль бар экен, бирок станциялардын баарына иштөөгө уруксат бериле элек. Мамлекет станцияны, электр энергиянын баасын жеңилдетип, кайсы бир унаа коюучу жайларды бекер кылып, тийиштүү номурларды берсе болот. Ушул сыяктуу жеңилдиктерди койсо эл өзүнөн өзү эле буга өтүп кетмек. Мисалы, унааңызды токтотуучу жайга кое албай жатсаңыз, жай жок болсо, бирок электромобилге жай бар болсо, электромобиль алууга өзүңүз эле чечим кабыл алмаксыз. Ошондуктан мэриянын бул тармакка киргени такыр туура эмес деп ойлойм. Буга мисал катары айтайын, көптөгөн мамлекеттик ишканалар ачылды. Баары чуу менен коштолуп жатат.

Мамлекет бизнес жасабаш керек, мамлекет бизнеске шарт түзүп бериш керек. Дүйнөлүк практикада бул далилденген.

Мисалы, билим берүү тармагын алалы, мамлекет өзү басып чыккандыктан китеп жетишпей жатат. Стандарттарды коюп туруп жеке секторго берип койсо, өздөрү чыгарышмак, жумуш оруну түзүлмөк. Мамлекеттин талабын ким жакшы аткара алса аткарсын, акча сыртка кетпейт, салык төлөнөт. Ушундай бир модель менен иштеш керек, анткени бул дүйнөлүк практикада ийгиликтүү болгон эмес, бизде деле ийгиликтүү болушуна көзүм жетпейт.

— Сиз ЖИАга келгенден бери эмне өзгөрдү?

— Жеке ишкана үчүн 3 жыл жетиштүү. Бул аралыкта ал ишкана өнүксө өнүгүп кетет, болбосо токтоп калат. 70% стартап 3 жылдын ичинде жок болот, калган 30% гана иштеп кетип, рынокко кирет. Ошол критикалык кризистик мөөнөттөн кийин иштеп кеткен компания илең-салаң болсо да иштей берет. Бирок бир уюм үчүн 3 жыл деле, 15 жыл деле аз экен. Кандай болсо деле ошол түзүлгөндөн тартып 17 жылдын аралыгында эң баса белгилеп кое турган жетишкендиктерибиз — бул биринчиден, көп тармактуу ассоциация, экинчиден, чакан бизнестин башын бириктирген эң чоң ассоциация болду жана учурда 1300 ишкерибиз бар. Үчүнчүсү, аймактарда иш алып барабыз, тагыраак айтканда, учурда 7 облуста 8 кеңсебиз бар. Азыр Өзгөн, Кочкор-Ата, Чолпон-Ата сыяктуу шаарлардагы ишкерлер бизге да ачкыла деп жатат. Биздин бир эле шартыбыз бар, качан ишкерлер көбөйүп, офистин өзүнүн чыгымдарын жаба ала турган болгондо эле биз ачууга даярбыз.

Азыр эл аралык деңгээге чыкканга аракет кылып, башка өлкөлөр менен кызматташтыгыбызды күчөтүп жатабыз. Мисал катары, өткөн жылы чет өлкөгө 14 сапар уюштуруп, 75 ишкерди алып чыгып келдик, бул жылы болсо 6 айда 15 сапар уюштурдук, жылдын аягына чейин дагы 12 сапар бар. 200дүн тегерегинде ишкерлерди алып чыгабыз. Натыйжада, иш сапарлардын жыйынтыгы катары, 20 өлкөдө өнөктөштөр пайда болуп, ишкерлер бизнесин жүргүзүп жатышат. Бул эмне артыкчылык алып келет? Биздин ишкерлер канча көп чет өлкөгө чыкса, ошончолук көзү ачылат, ал жактын технологиясын, ыкмаларын алып келет. Ишкерлер өнүгөт, ишкер өнүксө, өлкө өнүгөт.

Бишкек региондор менен эсептешпейт, ажырым өтө чоң — ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу
2006-жылы прогрессивдүү ишкерлердин демилгеси менен түзүлүп, бардык облустарда кеңселерин ачып, учурда Кыргызстанда орто жана чакан бизнестин миңдеген өкүлүнүн башын бириктирип, ишкерлерди колдоп, алардын көйгөйүн көтөрүп келген ар тармактуу бизнес-ассоциация ЖИАнын учурдагы жетекчиси Аззамбек Жээнб…
Назира Абдиева profile image
by Назира Абдиева

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Read More