Электромобилдерди импорттого тарифтик жеңилдиктер дагы бир жылга узартылды

Чынгыз Керимбеков
Электромобилдерди импорттого тарифтик жеңилдиктер дагы бир жылга узартылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2023-жылдын 24-ноябрындагы жыйынында Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө чектелген санда ташылып келинген электромобилдер үчүн бажы алымдарынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдикти 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартты. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Бажы төлөмдөрүнөн бошотуу Арменияда, Беларуста, Казакстанда жана Кыргызстанда туруктуу жашаган жарандарга гана берилет. Ошол эле учурда Россияда жарандыгы жана (же) туруктуу жашаган жери бар адамдарга электр транспортуна ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун берүүгө жол берилбейт.

Тарифтик жеңилдиктер ЕАЭБдин 8703 80 000 2 ТН ЕАЭБ коду боюнча классификацияланган электр кыймылдаткычтары бар автотранспорт каражаттары үчүн КР үчүн 2024-жылы – 10 миң, 2025-жылы да – 10 миң даана өлчөмүндө каралган.

Электр транспортторуна суроо-талапты стимулдаштырууга, аларды өндүрүүгө жана заряддоо станцияларынын тармагын өнүктүрүүгө багытталган башка чаралар менен айкалышта тарифтик жеңилдиктерди колдонуунун мөөнөтүн узартуу мындай автотранспорт каражаттарын кеңири жайылтууга, ири шаарлардагы экологиялык абалды жакшыртууга, инновациялык технологияларды өнүктүрүү зыяндуу газдарды жана зыяндуу заттарды чыгарууну кыскартууга көмөктөшөт деп күтүлүүдө.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости