Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Кара-Суу базарынын соодагерлеринен акча талап кылган салыкчылар кармалды

Чынгыз Керимбеков
Кара-Суу базарынын соодагерлеринен акча талап кылган салыкчылар кармалды

УКМКти салык инспекторлору тарабынан дагы бир системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу жана Кара-Суу базарынын ишкерлеринин жана соодагерлеринин патентин төлөөгө багытталган акча каражаттарын ыйгарып алуудагы туруктуу коррупциялык схеманы токтотту. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Ушул жылдын 15-декабрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун базарларын көзөмөлдөгөн төрт салык инспектору Т.А., Э.А., У.Б. жана А.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кара-Суу районунун базарларында чекене жана дүң соода менен алектенген ишкердик субъекттеринен акча каражаттарын өндүрүү кылмышы Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан штаттык эмес кызматкерлерди колдонуу аркылуу жасалып турган. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ишкерлерди патент жана башка салык төлөмдөрүн төлөөгө көмөк көрсөтөбүз деп алдоо жолу менен аларды ишендирип, иш жүзүндө алардын каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алып турушкан.

УКМК соода базарларын көзөмөлдөгөн кызматтардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу иштерин улантууда.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости