«Компаньон» мобилдик тиркемесинин Топ-5 мүмкүнчүлүктөрү

«Компаньон» мобилдик тиркемесинин Топ-5 мүмкүнчүлүктөрү

Убакыт эӊ баалуу ресурстардын бири болуп калган азыркы заманбап дүйнөдө санариптик сервистерди пайдалануу өзгөчө актуалдуу болуп калды. Бул банк тармагына убакытты үнөмдөөгө гана жардам бербестен, көптөгөн финансылык жол-жоболорду жөнөкөйлөтөт. Санариптик сервистер 24/7 бою жеткиликтүү, пайдаланууга ыӊгайлуу, ал эми кардарлардын жеке маалыматтары ишенимдүү корголгон, бул бардык иш-аракеттердин коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Банк сервистерине алыстан жеткиликтүү болуу үчүн Google Play же App Store аркылуу «Компаньон» мобилдик тиркемесин көчүрүп алуу керек. Сиздин смартфондогу мобилдик тиркеменин жардамы менен кандай иштерди аткарууга болорун айтып беребиз.

Сатып алууларга жана кызматтарга QR боюнча төлөө

Кырдаалды элестетиӊиз. Мисалы сиз үйгө жакын дүкөндөн себет толтура азык-түлүк алдыӊыз. Төлөйүн десеӊиз кол баштыкта капчык жок – ал үйдө унутулуп калган! Эгерде колуӊузда телефон болсо, анда ал үчүн үйгө барып кереги жок. Товарларды «Компаньон» мобилдик тиркемеси менен QR-код боюнча төлөп койсо болот. Ушундай накталай эмес эсептешүү ыкмасын интернет-сатып алууларга, кафеге, гүлдөрдү жеткирүүгө, автосервис кызматына, таксиге жана башкаларга төлөм жүргүзүүдө колдонууга болот. Ооба, бул чындык! Эми илгеркидей почтага баруунун кереги жок. Бардык коммуналдык төлөмдөрдү квитанциянын штрих-кодун сканерлеп, комиссиясыз төлөп койсо болот. Ал эми төлөмдү сактап койсоӊуз, кийинки жолу реквизитти кайра киргизип убара болбойсуз.

«Компаньон» мобилдик тиркемесин дээрлик бардык терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу АКЫСЫЗ толуктай аласыз, ал эми Компаньон Банктын картасын тиркемеге алдын ала байлап койсоӊуз, анда өлкө боюнча каалаган банкоматтан накталай акчаны комиссиясыз чыгарып алууга болот.

Ыкчам төлөмдөр

«Компаньон» электрондук капчыгынын кеӊири мүмкүнчүлүгү ыкчам төлөм жүргүзүүгө дагы жол берет. Мисалы дивандан турбай эле айдын башында өчүп калган үй интернетин кошуп коюуга, же дайыма байланышта болуу үчүн балансты толуктоого болот. Ооба, унутпаӊыз, бир кол менен каналдарды которуп жатып, экинчи кол менен кабелдик теле көрсөтүүгө баскычты эки жолу басуу менен төлөп кое аласыз. Атүгүл иш боюнча маанилүү кеӊешмеде отурган кезде ата-энелер чатына билим берүү кызматтарын шашылыш төлөш керектиги жөнүндө билдирүү келсе да кыжаалат болууга себеп боло албайт. «Компаньон» мобилдик тиркемеси менен бардык маселелерди чечүүгө болот.

Акча которуулар

«Компаньон» мобилдик тиркемесинин жардамы менен Кыргызстан боюнча жана Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Молдова жана башка чет өлкөлөргө акча которууларды кабыл алууга жана жөнөтүүгө болот. Ал эми Россияда иштеп жүргөн кыргызстандыктар акчасын СберБанк аркылуу «Компаньон» тиркемесине пайдалуу курстар боюнча оӊой, коопсуз жана тез которо алышат. Компаньон Банктын орусиялык ири банк менен бирге ишке ашырылган ийгиликтүү интеграциясы эмгек мигранттарына Кыргызстандын алыскы аймактарында жашаган, банк кызматтарына жетүү кыйын болгон жакындарына дагы которууларды жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.

Онлайн-депозит ачуу жана толуктоо

Бул айрыкча алдына финансылык камдык түзүү, балдардын билимине салым кошуу же ири сатып алууга акча чогултуу сыяктуу узак мөөнөттүү максаттарды койгон адамдар үчүн абдан ыӊгайлуу мүмкүнчүлүк. Бул үчүн «Компаньон» мобилдик тиркемесинде сом менен жылдык 16% чейин жогорулатылган чен менен депозит ачууга болот.

Аманаттарыӊыз өсүп жатканына байкоо салуудан ашкан жагымдуу эмне болушу мүмкүн! Пайдалуу пайыздык ченден тышкары депозиттерди бардык убакта жана каалаган суммада толуктоого мүмкүнчүлүк бар. Андыктан сизге «Топтолуучу», «Мөөнөттүү», «Пенсиялык» деп аталган депозиттердин өзүӊүзгө ылайыктуусун тандоо гана калат.

Онлайн-кредит ачуу жана төлөө

Кээде эӊ зарыл буюм сатып алууга акча жетпеген учур болот. Бирок жакындарыӊызды кубантууну абдан эӊсеп туурасыз! Айлыкка чейин дагы үч жума бар. Достордон жана туугандардан карыз алгыӊыз келген жок. Мындай учурда «Компаньон» мобилдик тиркемесинен кепилдиксиз жана күрөөсүз онлайн-кредитке өтүнмөнү тариздөө - эӊ мыкты вариант. Өтүнмө жактырылган учурда сиз акчаны 5 мүнөт ичинде аласыз. Насыяны да тиркемеден төлөй аласыз – бул абдан ыӊгайлуу жана тез аткарылат!

Компаньон Банктан жагымдуу белектер

«Компаньон» мобилдик тиркемесинде банк продукттарын активдүү пайдалануу жана башка операцияларды аткаруу үчүн дагы бир мыкты стимул бар. Жогорку активдүүлүк Компаньон Банкы жүргүзүп жаткан акциялардын алкагында ири акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Супер байгелердин бири – 1 000 000 сомду мобилдик тиркемеде эӊ көп операция аткарган колдонуучу алат. Мындан башка дагы татыктуу белектер бар! Айтсак он жеӊүүчү ай сайын 50 000 сомго чейинки сыйлыктарды алып турат. Эгерде сиз «Компаньон» мобилдик тиркемесин таптакыр колдоно боло элек болсоӊуз, анда ыӊгайлуу сервистерди дароо азыр колдоно баштоо жана ар бир кадам менен кыялдагы максатка жакындоо үчүн колдонуучу болууга убакыт келди.

Акция жөнүндө толук маалыматты www.kompanion.kg сайтынан же Кардарларды колдоо кызматынан 88 00 мобилдик номери аркылуу биле аласыздар.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганы белгиленет. Токтомго ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди