Өзгөндө эки RestPoint эс алуу жайлары ачылды

Өзгөндө эки RestPoint эс алуу жайлары ачылды

Кыргызстандын түштүгүндө миңдеген туристтер өтө турган жерлерде эки жаңы эс алуу жайы пайда болду. Биринчиси RestPoint Улуу Жибек жолунда атактуу Өзгөн мунарасынын жанында жайгашкан. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Такталгандай, Сузак районунун Барпы айылында Бишкек-Ош унаа жолунун так боюнда дагы бир RestPoint ачылды. Өзгөн жана Барпы айылдарындагы жаңы эс алуу пункттарынын ачылыш аземине Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти Болотбек Дыйканбаев, Ош жана Жалал- Абад облусунун  администрацияларынын  өкүлдөрү   катышты.

Азыр Кыргызстандын түштүгүндө төрт эс алуу борбору бар - Барпыда, Өзгөндө, Кара-Көлдө жана Жалал-Абадда. Мындан тышкары Ысык-Көлдө эки жаңы RestPoint  жакын арада ачылат.

Заманбап жана нукура эс алуу жайлары буга чейин туристтер тарабынан да, жергиликтүү жарандарыбыз тарабынан да бааланган. Алгачкы RestPoint өткөн жылдын жазында Кеминде, айланып өтүүчү жолдун бурулушунда пайда болгон жана Ысык-Көлгө саякаттагандардын бардыгы азыр жолдо ыңгайлуу эс алууга мүмкүнчүлүк алышты. Эс алуу пункттарында сиз электр унааңызды жана гаджетиңизди кубаттап, кофе же чай ичип, тамактанып, душка түшсөңүз болот. Бардык RestPoint популярдуу жана бош туристтик маршруттарда жана шаарлар аралык каттамдарда жайгашкан.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкек шаарында болжол менен 20 км суу түтүктөрү жана 11–12 км канализация тармактары алмаштырыларын "Бишкексууканал" муниципалдык ишкана  башчысы Чыңгыз Жумалиев экономикалык, бюджеттик, каржылык жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылга чейин бюджеттин чектелгендигине байланыштуу ишкана жыл сайын болжол менен 7