Subscribe to Our Newsletter

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Ишкерлер үчүн карыздарды жана төлөмдөрдү онлайн текшерүү кызматы ишке киргизилди

Салык кызматы «салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу онлайн түрдө салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды текшерүү жана төлөө кызматын ишке киргизди. Бул тууралуу мекеме билдирди. Эми салык төлөөчүлөр Cabinet.salyk.kg сайты аркылуу үйдө же кеңседе отуруп, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн компьютер же смартфон аркылуу текшерип жана төлөй алышат. Ошондой эле

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков
Ишкерлер үчүн карыздарды жана төлөмдөрдү онлайн текшерүү кызматы ишке киргизилди

Салык кызматы «салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу онлайн түрдө салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды текшерүү жана төлөө кызматын ишке киргизди. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Эми салык төлөөчүлөр Cabinet.salyk.kg сайты аркылуу үйдө же кеңседе отуруп, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн компьютер же смартфон аркылуу текшерип жана төлөй алышат.

Ошондой эле бул кызмат салык төлөөчүлөрдү салык органдарына, банк мекемелерине баруудан же төлөм терминалдарын издөөдөн жана туура эмес төлөө тобокелдиктеринен бошотот.

Бул электрондук кызматты колдонуу үчүн салык төлөөчү Cabinet.salyk.kg сайтындагы " Салык төлөө" модулунан "Карызды текшерүү жана салыкты төлөө" бөлүмүн тандоо керек. Ушул бөлүмдөгү төлөм коду боюнча же QR-коду аркылуу төлөй алат.

Бул кызматты колдонуу жөнүндө кошумча маалыматты Cabinet.salyk.kg сайтындагы “Жетекчилик” бөлүмүнөн алууга болот

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Read More