Э-рейддин жыйынтыгы боюнча электрондук актыларды жөнөтө башталды

Э-рейддин жыйынтыгы боюнча электрондук актыларды жөнөтө башталды

Салык кызматы жүргүзүлгөн контролдук-рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча таризделген электрондук актыларды салык төлөөчүлөргө жөнөтө баштады. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Жаңы сервис салык органынын инспекторуна «электрондук рейддик салык контролу» (Э-Рейд) системасынын жардамы менен автоматтык түрдө рейддик салык контролунун, контролдук сатып алуунун же салык постунун жыйынтыгы боюнча акт түзүүгө жана аны Cabinet.salyk.kg. сайтындагы «жеке салык кабинети» аркылуу бардык тиркемелер менен салык төлөөчүгө жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.

Текшерүүчү инспекторлор тарабынан мурда толтурулган актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү же жок кылуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу жаңылануунун негизги артыкчылыктарынын бири болуп эсептелет.

Бул кызматтын ишке ашырылышы документтерди иштеп чыгууга кеткен убакытты жана чыгымдарды олуттуу кыскартууга, салык инспекторлорунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана контролдук-рейддик иш-чараларындагы процесстердин ачыктыгын камсыздоого, ошондой эле салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Салык төлөөчүлөр таризделген акты менен Cabinet.salyk.kg сайтындагы өзүнүн «жеке кабинетиндеги» «МСК менен кат алышуу» модулунундагы «салык контролу» бөлүмүнө кирүү аркылуу тааныша алышат.

Эскерте кетсек, Салык кызматы 2022-жылы «электрондук рейддик салык контролу» системасын ишке киргизген. Бул борборлоштурулган жабык автоматташтырылган система, анда контролдук-рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө зарыл болгон маалыматтар базасы жайгаштырылган. Системада бардык жүргүзүлгөн рейддик контроль жана тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар сакталат, алардын негизинде рейддик текшерүүгө жаткан субъекттерди текшерүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

Э-рейдди колдонуу салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө адам факторлорун кыйла азайтат.

Мындан тышкары окуңуз

Коомдук транспорттун кезектеги айдоочусу накталай төлөм алганы үчүн ишинен ажырады

Коомдук транспорттун кезектеги айдоочусу накталай төлөм алганы үчүн ишинен ажырады

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тарабынан шаардык коомдук транспорттордо кезектеги рейддик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.  Билдирүүгө караганда, иш-чаранын негизги максаты – жүргүнчүлөргө көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатын көзөмөлдөө, жол кире төлөө тартибинин сакталышын текшерүү жана айдоочулардын кызматтык милдеттерин так аткаруусун камсыздоо болуп саналат. Текшерүүнүн негизинде, айрым мыйзам бузуулар

Бишкектин айрым аймактарында 21-июлда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 21-июлда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 21-июлда 09:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Суу өчүрүлө турган аймак: Маевка айылы: Скворцов көчөсү - Шаттык көчөсү - Чүй-39 көчөсү - Түлөбердиев көчөсү - Жапаров

Ош шаарында 815 батирлүү ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды

Ош шаарында 815 батирлүү ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды

Ош шаарынын Көчкөнөв көчөсүндөгү №135 даректе муниципалдык ипотекалык ишкана кура турчу көп батирлүү турак үйдүн курулушуна мезгил кутусун салышты. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты. Белгиленгендей, долбоорду муниципалдык ипотекалык

Айрым аймактарда 19-20-июлда абанын табы адаттан тыш жогорулайт

Айрым аймактарда 19-20-июлда абанын табы адаттан тыш жогорулайт

19-20-июлда өлкө аймагында абанын табы кескин жогорулайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүз абанын температурасы +41...+43 градуска чейин жетет. Кыргызгидромет күндүн эң ысык маалында сыртта көп жүрбөөгө, жетиштүү суюктук ичүүгө жана өсүмдүктөрдү үзгүлтүксүз сугарууга чакырды. Ошондой эле абанын