«Альянс Алтындын» рекорду: 2023-жылы Жерүйдө 4.4 тонна алтын өндүрүлгөн

«Альянс Алтындын» рекорду: 2023-жылы Жерүйдө 4.4 тонна алтын өндүрүлгөн

«Альянс Алтын» тоо кен компаниясы 2023-жылы алтын өндүрүү боюнча жаңы рекорд койду. Таластагы алтын кен комбинаты 4.4 тонна алтын өндүргөн. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

«Альянс Алтын» белгилегендей, компания заманбап жабдууларды колдонуу жана активдүү персоналды окутуу аркылуу өндүрүштүн жана эмгектин коопсуздугунун жогорку деңгээлин сактап келет.

Такталгандай, «Альянс Алтын» ишмердигинин алгачкы күндөрүнөн 2023-жылдын декабрына чейин Кыргызстандын бюджетине салык түрүндө 15 млрд 42 млн сом төлөгөн. Мындан тышкары, компания жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана тейлөөгө үзгүлтүксүз акча бөлүп, инвестициялык жана социалдык долбоорлор аркылуу Талас облусунун жана бүткүл өлкөнүн экономикасын стимулдайт.

«Альянс Алтындын» негизги баалуулугу –Талас облусунун тургундарынан турган командасын түзүү болуп саналат. Компания өзүнүн персоналын өнүктүрүүгө жигердүү каражат жумшайт. 2023-жылдын январь-декабрында дээрлик ар бир кызматкер Жерүйдө жана беш башка багыт боюнча милдеттүү түрдө кайталанган билим сынагынан өткөн.

Мындан тышкары, 605 кызматкер милдеттүү окуудан өтүп, 174 кызматкер квалификациясын жогорулатышты, 115 кызматкер биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмаларын үйрөнүштү, 17 кызматкер практикадан өттү, 15 кызматкер ядролук жана радиациялык коопсуздук боюнча атайын окуу курсунан өттү.

Мындан тышкары окуңуз

Жер мыйзамдарын бузгандарга 8 млн 500 миң сомго чейин айып пул каралган

Жер мыйзамдарын бузгандарга 8 млн 500 миң сомго чейин айып пул каралган

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы жарандарды жерлерин багытына ылайык колдонууга эскертет. Жер жана сууну көзөмөлдөө кызматы белгилегендей, айрым жарандар жерлерин багытына ылайык колдонбой, айрыкча айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышын бузуп жатышат. Бул — Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамдарын одоно бузуу болуп

Жыргалаңда жаңы көмөк чордондору жана кабелдик линиялар ишке киргизилди

Жыргалаңда жаңы көмөк чордондору жана кабелдик линиялар ишке киргизилди

Жыргалаң өрөөнүндө 35/10 кВ “Үч Чоку” жаңы көмөк чордонунун курулушу аяктап, 12,8 км жаңы кабелдик чубалгылар тартылып, 4 даана 10 кВ көмөк чордону орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. “Ала-Тоо резорт” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов энергетиктердин Жыргалаң аймагында аткарган иштерин белгилеп, аларга ыраазычылыгын билдирди. Ал аймактын татаал

Россияда Лабубу оюнчуктарынан уулуу зат табылган

Россияда Лабубу оюнчуктарынан уулуу зат табылган

Россияда Лабубу оюнчуктары сапат жана коопсуздук талаптарына ылайык текшерүүдөн өткөрүлүп, алардын бир үлгүсүндө уулуу зат табылганын Казинформ агенттиги жазды. Жалпы 13 оюнчук үлгүсү 53 көрсөткүч боюнча текшерилген. Алардын катарында уулуулук индекси, этикеткалоо, кездеме жана тигиш сапаты, ошондой эле токсикологиялык жана гигиеналык коопсуздук сыноолору болгон. Үч этаптуу тестирлөөнүн жүрүшүндө бир оюнчукта

Кыргызстан туруктуу климат жана жашыл экономика боюнча талкуу өткөрдү

Кыргызстан туруктуу климат жана жашыл экономика боюнча талкуу өткөрдү

Бишкекте Кыргызстандын климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бишкекте өткөн иш-чарада климаттык өзгөрүүлөрдүн тобокелдиктери жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, климатка туруктуу жана төмөн көмүртектүү өнүгүү жол картасы сунушталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев белгилегендей, Кыргызстан тоолуу өлкө