Кепилдик фонд Япониянын каржы институттары менен жолукту

Кепилдик фонд Япониянын каржы институттары менен жолукту

14-мартта Финансы министрлигинин, Улуттук банкынын жана «Кепилдик фонд» ААКнын өкүлдөрүнөн турган делегациясы Япониянын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин жетекчилиги жана Сумитомо Мицуи банкынын өкүлдөрү менен эки жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Кепилдик фонд билдирди.

Сумитомо Мицуи банк менен жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кичи жана орто бизнесин каржылоо маселелерин талкуулашты. ESG (экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу) чакан жана орто бизнестин долбоорлорун кредиттөө жана кепилдөө принциптерин ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду, атап айтканда, Сумитомо Мицуи банкынын өкүлдөрү орто, чакан жана микро ишканалар үчүн аларды ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат беришти.

Япониянын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттиги ишкерлерге жардам көрсөтүү, анын ичинде ар кандай стартап долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле Япониянын каржы системасы, Кредиттик Кепилдик Корпорацияларынын ишмердүүлүгү жана Япония Өкмөтү менен Япония Финансы Корпорациясынын колдоосу тууралуу маалымат берилди.

Өз кезегинде «Кепилдик фонд» ААК өзүнүн ишмердүүлүгү жана Кыргыз Республикасындагы кичи жана орто бизнести колдоо боюнча тажрыйбасы, республикада чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат менен бөлүштү.

Япония тарап менен жолугушуулардын катышуучулары кепилдик фонддордун кыргыз моделине кызыгып, келечектеги кызматташуу үчүн байланыштарды улантууга даярдыгын билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Экономика министринин орун басары Султан Ахматов бүгүн Литванын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекюнас менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Литванын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды. Анын ичинде порт инфраструктурасы, зергерчилик өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар жана финансы сектору

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк 8–11-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Толкун" пансионатынын окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда инженердик системаларды техникалык тейлөө боюнча эл аралык тегерек стол өткөнүн билдирди. Иш-чара "Улуттук банктын имараттарынын жана курулмаларынын инженердик системаларын техникалык тейлөө" темасына арналды. Тегерек столду Улуттук банк

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, эми арызды жана зарыл болгон маалыматтарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык органына барбастан, электрондук түрдө тапшырууга болот. Кызматты колдонуучулар арыздын статусун

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Бишкекте өткөн II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы аяктады. Ал 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин өткөрүлүп, кинематографисттерди, тармактын кесипкөй адистерин, эл аралык эксперттерди жана даректүү тасмалар боюнча көрүүчүлөрдүн башын бириктирди. Сынактык программага сегиз өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 8 толук метраждуу жана 16