Салык кызматкерлери товарларды мыйзамсыз ташып келүүнү токтотушту

Салык кызматкерлери товарларды мыйзамсыз ташып келүүнү токтотушту

Салык кызматынын кызматкерлери УКМКнын мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте "Ак-Тилек - автожол" көзөмөл — өткөрүү пунктунда ири өлчөмдө дары-дармек каражаттарын, кездемелерди жана балык уулоочу шаймандарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысын токтотушту. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Жогоруда аталган продукция өлкөнүн аймагына "жеке колдонуу үчүн мурда колдонулган"деген шылтоо менен алынып келинген.

Учурда жүктүн кимге таандык экендиги жана келтирилген зыяндар тууралуу маалыматтар такталууда. Кароонун жыйынтыгы боюнча иштин материалдарына юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Белгилей кетсек, консолидацияланган жүктүн курамында ишкердик максаттар үчүн товарлар импорттолсо, алуучу импорттоочуну/ташуучуну ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттун максаттары үчүн салыктык каттоо жөнүндө маалымкаттын каттоо номери жана товарларды эсепке алуу пунктуна андан ары берүү үчүн эсеп-фактура менен камсыз кылууга милдеттүү.

Салык кызматы өлкөнүн аймагындагы эсепке алынбаган товарларды аныктоо боюнча ишин улантууда.

Read more

Элдик комиссия Жерүйгө барды

Элдик комиссия Жерүйгө барды

2024-жылдын 19-сентябрында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен «Жерүй» кенин иштетүүнү көзөмөлдөө боюнча элдик комиссиянын төрагасы Айдарбек Момунтаев баштаган делегация алтын ылгоочу фабриканын калдык сактоочу жайынын экинчи баскычынын курулуш процесси менен таанышышты. Бул тууралуу ишкана билдирди. Делегация компаниянын өкүлдөрү менен кошо биринчи баскычтагы калдык сактоочу жайды карап чыгып, андан соң экинчи

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 20.46 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын август айында 814.6 млн сом төлөнүп, жыл башынан бери бул сумма 4.3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелеринин жардамы менен акча которуулар дароо сиздин картаңызга кыргыз сому менен чегерилет. Жөнөтүүчү тиркемелердин биринде сиздин картаңыздын номерин киргизип, Компаньон Банкын тандашы керек. Акча которуулардын артыкчылыктары: * Комиссия 0%* * Которуулар бир заматта чегерилет * Ыңгайлуу конверсия курстары «Мир Привилегий» тиркемеси аркылуу которууну кантип жөнөтсө болот: * "Рекомендуем"

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Талас облусундагы Жерүй ГЭСин «Альянс Гидро» жана РКӨФ компаниялары курат. Тараптардын ортосундагы келишимге 12-сентябрда Ысык-Көлдө өткөн VI Кыргыз-Орус экономикалык форумунда кол коюлган. «Альянс Гидро» компаниясынын жетекчиси Александр Абрамов белгилегендей, тараптар ГЭСтин курулушун 25 млн долларга каржылоо боюнча келишимге кол коюшту, анын кубаттуулугу жылына 100гө жакын мегаваттка чейин жетет, жылына 1