Үчүнчү өлкөлөр менен тышкы сооданын көлөмү 47%га өстү
Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодасынын көлөмү (ЕАЭБден тышкары) 2.7 млрд долларды түздү жана 2022-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 47%га өстү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын январь-апрель айларында 2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу КРнын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмүнүн өсүшү экспорттук берүүлөрдүн да, импорттук түшүүлөрдүн да өсүшү
Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодасынын көлөмү (ЕАЭБден тышкары) 2.7 млрд долларды түздү жана 2022-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 47%га өстү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын январь-апрель айларында 2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу КРнын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмүнүн өсүшү экспорттук берүүлөрдүн да, импорттук түшүүлөрдүн да өсүшү менен камсыз кылынды. Мында соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 15.9%ды, импорттуку 84.1%ды түздү.
2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 1.1 млрд долларды түзүп, 2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 7.6%га азайган.
Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (62.3%) жана Казакстанга (35.1%) туура келген.