Кыргызстандын ички чарба каналдарды оңдоп-түзөөгө 600 млн доллар керек

Кыргызстандын ички чарба каналдарды оңдоп-түзөөгө 600 млн доллар керек

Кыргызстандын ички чарба каналдарды оңдоп-түзөөгө 600 млн доллар керек. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев ЖМК менен маегинде айтып берди.

Анын айтымында, азыртан кургукчылга даярдык көрүлүп, бул багыттагы башталган реформаларды, курулуштарды жыйынтыктап жетишүү зарыл.

«Быйыл дагы миллиард сомго чукул каражат каралары болжолдонуп, анын 30% бөлүндү. Бир катар канал, суу сактагычтардын курулушу жүрүп жатат же башталуу алдында турат. Болгону бул багыттагы кадрлардын жетишсиздиги көйгөй жаратууда», - деди Сокеев.

2022-жылы 951 млн сом бөлүнүп миң чакырым канал тазаланса, 250 чакырымы оңдоп-түздөлдү. Насостук станциялардагы 300 агрегаттын 56сы алмаштырылып, ирригацияны жакшыртуу иштери дагы да улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлиги тигүү тармагын өнүктүрүүнү талкуулады

Экономика министрлиги тигүү тармагын өнүктүрүүнү талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде кыргыз тигүү продукциясынын Россия Федерациясынын рыногу аркылуу жеткиликтүүлүгүн жана тармакты колдоо чараларын талкуулаган ведомстволор аралык жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда Россиянын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан көзөмөлдүн күчөтүлүшү натыйжасында келип чыккан актуалдуу маселелер каралды. Ошондой эле, ички рынокту жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү

Индия Кыргызстандагы долбоорлорду колдоо үчүн 126,6 млн сом грант бөлөт

Индия Кыргызстандагы долбоорлорду колдоо үчүн 126,6 млн сом грант бөлөт

Бүгүн, Экономика жана коммерция министрлигинде эки тараптуу меморандумга кол коюу аземи болду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Биринчиси – Индиянын Тышкы иштер министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги ортосунда түзүлгөн "Бишкек шаарында Кыргыз экономикалык университети (КЭУ) үчүн IT Lab түзүү" долбоору.

Кант кызылчасы Кыргызстанда 85,9% жыйналды

Кант кызылчасы Кыргызстанда 85,9% жыйналды

Кыргызстанда учурда кант кызылчасы 85,9 пайыз жыйналып, 431,7 миң тонна продукция алынганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирген.  Анын айтымында, республика боюнча быйыл кант кызылчасы 13 миң 400 гектар жерге

Таласта граниттен курулуш таштары чыгарыла баштады

Таласта граниттен курулуш таштары чыгарыла баштады

Таластын Манас районундагы Арал айылынын Кайыңды карьеринен алынган таштар жергиликтүү ишкер Азат Кушубековдун ишканасында кайра иштетилип, курулуш материалдары чыгарылып жатканын УТРК тартып көрсөттү.  Ишкердин айтымында таштар алгач чоң-чоң көлөмдө ташылып келип, 2-3 сантиметр калыңдыкта тилинет. Андан соң ал күйгүзүлүп, жылмаланып 90Х80 жана 60Х30 өлчөмүндө кесилет.  Ишканасы ээсинин айтымында, кайра иштетилген