Кыргызстан менен Казакстан соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү пландаштырууда

Кыргызстан менен Казакстан соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү пландаштырууда

Нурланбек Шакиев Казакстандын парламентинин төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда соода-экономикалык алакалар тууралуу сөз болуп, Нурланбек Шакиев Кыргызстандын министрлер кабинети менен Казакстандын өкмөтүнө жакынкы аралыкта соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү тапшырмасы коюлганын белгиледи. Алсак, 2022-жылы эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1.2 млрд долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 13.8%га өскөн.

«Бул жетишкендиктер менен токтоп калбашыбыз керек. Кызматташтыктын келечектүү багыттары боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет. Ошондой эле «Чолпон-Ата-Алматы» автожолун куруу менен туристтик мүмкүнчүлүктөрдү дагы кеңейте алабыз. Муну менен катар кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучулардын маселелерин чечүү, Казакстандын аймагы аркылуу жүк агымдарынын өтүүсүнө байланышкан тоскоолдуктарды да болтурбоо башкы маселе», - деди Шакиев.

Өз кезегинде Маулен Ашимбаев да Кыргызстан Казакстан үчүн негизги өнөктөш мамлекеттердин бири экенин белгилеп, салт-санаа, үрп-адаты, тили, дини окшош эки элдин алакасын арттыруу башкы максат экенине токтолду. Айрыкча алакалардын учурдагы абалы тууралуу сөз кылып, байланыштарды чыңдоодо парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Президент бир катар министрлерди кызматтан бошотту

Президент бир катар министрлерди кызматтан бошотту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, бир катар министрлер кызматынан бошотулду. Ага ылайык: Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул чечим Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пункту жана 71-беренесине ылайык кабыл алынды.

Быйыл Жалал-Абадда 726 чакырым аба чубалгысы жаңыланат

Быйыл Жалал-Абадда 726 чакырым аба чубалгысы жаңыланат

2026-2027-жылдардагы күз-кышка даярдык жана электр тармагын жаңылоого багытталган реформанын алкагында Жалал-Абад облусунда жалпы 35–500 кВ чыңалуудагы 726 чакырым аба чубалгысы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Жаңылоо иштери Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан март айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Иш-чаралар "КУЭТ" ААКнын өздүк каражатынын эсебинен аткарылат.

Чүйдө адам уурдоо фактысына шектелип 3 жаран кармалды

Чүйдө адам уурдоо фактысына шектелип 3 жаран кармалды

Чүй облусунда адам уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. 13-февраль күнү 2006-жылы туулган Н.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү Т.Д. аттуу жаран бир нече таанышы менен келип, күч колдонуу менен аны үйүнөн чыгарып, Ак-Бешим айылына алып барып, уур-токмокко алышканын жазган. Бул факт

Былтыр Бишкекте 7 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылган

Былтыр Бишкекте 7 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылган

Энергетика министрлигинин күз-кыш мезгилине даярдык жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча тапшырмасынын алкагында, "КУЭТ" ААКтын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасы ири иштерди жүргүздү. Ведомстводон билдиришкендей, 2025-жылы калкы жыш жайгашкан жана электр керектөөсү өсүп жаткан аймактардагы 7 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылган: "Көк-Жар" жана "