Кыргызстан Иранга 20 миң тонна арпаны экспорттогонго мүмкүн алды

Кыргызстан Иранга 20 миң тонна арпаны экспорттоого квота алды. Мындай чечимди 26-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши Москвада өткөн кезектеги жыйынында кабыл алды. Бул тууралуу КР өкмөтү кабарлады.
ЕАЭБ менен Ислам Республикасынын ортосундагы эркин соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын алкагында Иранга дан эгиндерин сатуу маселеси каралды.
Маалым болгондой, буудай жана арпа боюнча макулдашуунун алкагында биримдиктин өнөктөшүнүн рыногуна жеңилдетилген тартипте товарларды жеткирүү үчүн квота ичиндеги көлөмдөрдү мүчө мамлекеттер ортосунда бөлүштүрүү белгиленген.
ЕЭК Кеңешинин чечими менен Кыргызстанга арпаны Иранга жеткирүүгө тарифтик квота 20 миң тонна өлчөмүндө аныкталган.