Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

1-июлдан тартып маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат – Салык кызматы

Чынгыз Керимбеков
1-июлдан тартып маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат – Салык кызматы

2023-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Салык кызматы эскертти.

Буга төмөнкү товарлар кирет:

• ТЭИ ТН 2203 товардык позициясына кирген сыра (куюлган жана куюлбаган);

• электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук (ТЭИ ТН 2404);

• бир корпустагы никотин суюктугу менен никотинди жеткирүүнүн бир жолку электрондук системалары (ТЭИ ТН 2404);

• электрондук сигареттер жана ушул сыяктуу никотин жеткирүү үчүн арналган жекече электрдик буулануучу түзүлүштөр (ТЭИ ТН 8543 40 0000);

• ысытылган тамекиси бар заттар (ТЭИ ТН 2404).

Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жеке жактарга 20 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат.

Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жогоруда аталган токтомуна ылайык өндүрүмдү өз убагында маркалоо зарылдыгын эскертет.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости