Кыргызстанда керектөө баалары 5.1%га өстү
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 5.1%ды түздү. Алдын ала маалыматты Статистика комитети берди.
Такталгандай, алкоголдук ичимдиктер жана тамекиге баалар 7.7%га, тамак - аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 3.6%га, азык – түлүк эмес товарларга – 6.4%га жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер – 5.8%га жогорулады.
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда байкалды.
Мында баалардын максималдуу өсүшү (9.3%га) Нарын облусунда катталды, бул башка региондорго салыштырмалуу азык-түлүк эмес товарлардын (12.9%га), алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин (12.8%га), ошондой эле тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын (6.2%га) баасынын өсүшү менен шартталган.