Кыргызстан Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын уюштуруу жөнүндө мыйзамын ратификациялады

Президент Садыр Жапаров «2022-жылдын 20-октябрында Ереван шаарында кол коюлган Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамына кол койду (14 июля 2023 года № 136). Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңештин тарабынан 2023-жылдын 14-июнунда кабыл алынган. Мыйзам 2022-жылдын 20-октябрында Ереван шаарында кол коюлган Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.
Макулдашуу экспорттук кредиттерди (экспортту колдоонун бардык финансылык инструменттерин кошкондо) кайра камсыздандыруу, экспортко багытталган каржылоо жана мүчө мамлекеттердеги жана үчүнчү өлкөлөрдөгү ишкердик жана (же) саясий тобокелдиктерден инвестицияларды ишке ашыруу жолу менен үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга багытталган.