Кыргызстандыктар 2.9 млрд сом мүлк салыгын төлөштү

Кыргызстандыктар 2.9 млрд сом мүлк салыгын төлөштү

Салык кызматы жыл башынан бери 2 млрд 925,1 млн сом мүлк салыгын чогултту. Белгиленген план 310.4 млн сомго ашыкча аткарылган. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Аталган сумманын 1.1 млрд сомун кыймылсыз мүлк салыгы (турак үйлөр жана батирлер), 948.2 млн сомун үй жанындагы жер участокторуна салык жана 871.5 млн сомун транспорт каражаттарына салык түзөт.

Эскерте кетсек, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак үйлөргө, батирлерге, ошондой эле үй жанындагы, короо жай жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктады.

Салык төлөө мөөнөтү быйыл 1-сентябрда аяктаганына карабастан, бул салыктарды башкаруу уланууда.

Мыйзамга ылайык, салыкты белгиленген мөөнөттө төлөй албаган мүлк ээлери салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, административдик айып пул жана өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат. Жеке жактар үчүн айып пулдун өлчөмү 1000 сом, юридикалык жактар үчүн 5000 сом. Туум күн сайын салыктын суммасынан 0.09% өлчөмүндө эсептелет.

Салык кызматы өз убагында салык төлөбөгөн жарандарды туумдун эсептелишинен качуу үчүн азыр төлөөгө чакырат.

Read more

Таластын жаш ишкерке «Альянс Алтын» колдоо көрсөттүү

Таластын жаш ишкерке «Альянс Алтын» колдоо көрсөттүү

Таластык жаш ишкер Бермет Мусаевага жеңилдетилген пайыз менен насыя берилди жана «Хонда стрим» үлгүсүндөгү автоууна гранттык түрдө тапшырылды. Каражат «Альянс Алтын өнүктүрүү фондунан» жумшалды. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди. Ишкер айымга колдоо көрсөтүүгө «Альянс Алтын өнүктүрүү фондуна» республикалык «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк» коомдук фондунан кайрылуу түшкөн. Аталган кайрылууну

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, шылуундар WhatsApp аркылуу билдирүүлөрдү таратып, өздөрүн «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору же кызматкери катары тааныштырышууда. Алтын сатып алууну же компаниянын атынан каржылык операцияларга катышууну сунушташууда. «Булар алдамчылар! Ишенбеңиз! «Альянс Алтын» ЖЧКсы жеке адамдарга алтын сатпайт жана мессенджерлер аркылуу

2024-жылы «Альянс Алтын» бюджетти 9.3 млрд сомго толуктаган

2024-жылы «Альянс Алтын» бюджетти 9.3 млрд сомго толуктаган

2024-жылы Кыргызстандын экинчи ири алтын өндүрүүчү «Алтын Альянс» компаниясы өлкө бюджетине 9.3 млрд сом салык которду, анын ичинде декабрда 883 млн сом. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Компаниянын маалыматы боюнча, 2015-жылы долбоор башталгандан бери компаниянын жалпы салык төлөмдөрү 24.3 млрд сомдон ашты. Көрсөтүлгөн мезгилде Талас алтын кен

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилери жана инженердик кызматкерлери үчүн окуу курстары иштелип чыгат. Бул тууралуу КРСУ менен «Альянс Алтын» ЖЧКсынын ортосундагы 2024–2026-жылдарга кызматташуунун жол картасын түзүү учурунда белгилүү болду. Ишкананын маалымат кызматы белгилегендей, Жол картасы билим берүү, илим жана кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жаатында кызматташуунун негизги багыттарын аныктайт. Анын максаты