16 айыл чарба кластерлерине 17 млрд сом бөлүнөт

Кыргызстандагы агроөнөр жай кластерлерине жалпы суммасы 17 млрд сом каражат бөлүү каралган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 16 млрд сом – агроөнөр жай кластерлерине, ар бир кластерге 1 млрд сомдон жана лизингге 1 млрд сомдон.
Бүгүнкү күндө 16 айыл чарба кластерлери түзүлгөн: сүт, эт, кант, жумуртка, жашылча-жемиш, картошка, өсүмдүк майы, дан өсүмдүктөрү, балык, пахта, жүн, бал, буурчак жана жаңгак-жемиш өсүмдүктөрү (грек жаңгагы жана токой продукциясынын башка түрлөрү) жана органикалык өндүрүш.
Кластердик өнүктүрүүнүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
· агроөнөр жай кластерлеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экономикалык потенциалын жогорулатуу, анын ичинде инновацияларга, технологияларга, адистештирилген кызмат көрсөтүүлөргө жана квалификациясы жогору болгон кадрларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү;
· тышкы экономикалык интеграцияны жакшыртуу жана глобалдык өндүрүштүк байланыштарга кошуу аркылуу агроөнөр жай кластерлеринин катышуучуларынын эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
· айыл чарба сектору үчүн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү максатында чыгымдарды азайтуу жана сапатын жогорулатуу;
· баалардын туруктуулугун камсыздоо, товарларды чекене сатууда улуттук азык-түлүк товарларынын үлүшүн жогорулатуу шарттарында айыл чарба продукциясынын, чийки зат жана азык-түлүк рынокторун жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү;
· айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнүн эсебинен айыл чарбасынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу.
2023-жылдын 1-октябрына карата 5.3 млрд сом 3 899 субъектке берилген.