Кыргызстандын соодасынын көлөмү 9.4 млрд долларды түздү
![Кыргызстандын соодасынын көлөмү 9.4 млрд долларды түздү](/content/images/size/w1200/2023/10/1044329228_237_0_2968_2048_1920x0_80_0_0_0011e3fc222e6c378b9d9f991f1a24c0.jpg)
Товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-август айларында 9.4 млрд долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Такталгандай, сооданын көлөмү 2022-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 27.3% көбөйдү, ал эми экспорттук берүүлөр 46.7%, импорттук түшүүлөр 23.3% өстү.
2023-жылдын январь-август айларында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2.7 млрд АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 10.1% азайды. Мында экспорттук жеткирүүлөр 0.7% көбөйдү, ал эми импорттук түшүүлөр тескерисинче 14.1% төмөндөдү.
2023-жылдын январь-август айларында республиканын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (65.6%) жана Казакстанга (32.1%) туура келди.