Баткен облусу 9 айда 1.14 млрд сомго каржыланды

Баткен облусу 9 айда 1.14 млрд сомго каржыланды

Баткен облусу 9 айда 1.14 млрд сомго каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, Баткен облусунун өнүгүү программасына 500 млн сом бекитилип, толугу менен каржыланды.

2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында Баткен облусунун чарба жүргүзүүчү субъекттерине келтирилген зыяндын орду толтурууга – 90.2 млн сом бөлүндү.

Бюджеттер аралык трансферттер:

Республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары жалпысынан 368 млн сом каржыланган. Алар:

• теңдөөчү трансферт – 246.2 млн сом;

• максаттуу трансферттер – 121.8 млн сом.

Регионду өнүктүрүү фонддору боюнча Баткен облусуна 178.8 млн сом каржыланды, анын ичинен:

• облустук өнүктүрүү фонду – 117.4 млн сом;

• райондук өнүктүрүү фонддору – 61.4 млн сом.

Өз алдынча жергиликтүү органдарга – электр энергияга 11.6 млн сом каржыланган.

Мындан тышкары окуңуз

Мотоцикл менен жайытты тебелеген жаран жоопкерчиликке тартылды

Мотоцикл менен жайытты тебелеген жаран жоопкерчиликке тартылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы социалдык тармакта тараган видеонун негизинде жайыттарды бузуу фактысын аныктады. Маалыматка ылайык, Instagram тармагындагы enduro_prokat.kg баракчасында жарыяланган видеодо эндуро мотоцикли менен жайыт жана жашыл аянттарды тебелеп жүргөн жаран тартылган. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында анын өздүгү такталып, К.

Айып пул төлөбөгөн айдоочулардын унаалары айып короого киргизилет

Айып пул төлөбөгөн айдоочулардын унаалары айып короого киргизилет

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн рейддин алкагында “Автоураган” автоматтык комплекси аркылуу айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн айдоочулар аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө бир сааттын ичинде бир нече унаа токтотулуп, мыйзам талаптарына ылайык айып короого киргизилди. Милиция айдоочуларды айып пулдарынын бар-жогун электрондук кызматтар

Ошто мыйзамсыз курулуш аныкталып, дубалдары буздурулду

Ошто мыйзамсыз курулуш аныкталып, дубалдары буздурулду

Ош шаарында мыйзамсыз курулуп жаткан коммерциялык багыттагы объектте курулуш нормаларынын одоно бузулушу аныкталып, сапатсыз тургузулган дубалдар буздурулду. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Б. Осмонов көчөсүндө жайгашкан коммерциялык объект текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш-монтаждоо иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Мындан

Ошто 10 сейил бак пайдаланууга берилди

Ошто 10 сейил бак пайдаланууга берилди

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин 100 күндүк ишмердүүлүгүнүн алкагында 10-июнь шаарда 10 заманбап сейил бак пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясыныны басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин каралбай келген аймактар толугу менен жаңыланып, тургундар үчүн ыңгайлуу эс алуу жайларына айланды. Бардык иштер “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу