Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Борбор Азия өлкөлөрү континенттин эң маанилүү кесилишине айланышы керек — ЕӨБ

Назира Абдиева
Борбор Азия өлкөлөрү континенттин эң маанилүү  кесилишине айланышы керек — ЕӨБ

Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу бүгүнкү күндө Борбор Азия өлкөлөрү үчүн негизги көйгөй болуп саналат. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын башкы экономисти Евгений Винокуров кытайлык "Цзинцзи Жибао" гезитине жазган колонкасында билдирди.

Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, Винокуровдун айтымында, транспорттук чыгымдардын жогору болушуна жана жеткирүү чынжырларынын алсыздыгына алып келет. Экономист бул маселени Пекиндин "Бир алкак, бир жол" демилгесин өнүктүрүү менен чечсе болот деген пикирде.

Борбор Азия Кытайды Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен байланыштырган эл аралык транспорт коридорлорунун кесилишинин борборунда жайгашкан. Акыркы 10 жылдын ичинде Борбор Азия Кытай — Европа — Кытай багытында транзиттин тез өнүгүп келет. 2013-жылдан 2022-жылга чейин Борбор Азия, биринчи кезекте Казакстан аркылуу транзиттик контейнердик поезддердин саны 200 эсеге өскөн: ташылган контейнерлердин көлөмү 681 миңди түзүп, жалпы баасы 30 млрд доллар болгон.

Акыркы алты жылда Казакстан, Азербайжан жана Грузия аркылуу өткөн Транскаспий багыты боюнча контейнердик жүк ташуу көлөмү дээрлик төрт эсеге — 9 миңден 33 миң TEU чейин өскөн. Кытай менен Перс булуңунун өлкөлөрүнүн ортосундагы жүк ташууну уюштуруу үчүн Түндүк — Түштүк транспорт коридорунун чыгыш багыты да иштелип жатат.

Борбор Азияны кантип транспорттук түйүнгө айландырса болот? ЕӨБ Евразиялык транспорт алкактарынын терминин жана концепциясын иштеп чыкты. Ал Борбор Азия өлкөлөрү менен эң маанилүү рыноктордун ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды камсыз кылуучу кеңдик жана меридиалдык эл аралык транспорт коридорлорунун жана каттамдарынын өз ара байланышкан тармагын өнүктүрүүгө, ошондой эле Кытайды, Европаны жана Жакынкы Чыгышты бириктирген коридорлордун транзиттик потенциалын ишке ашырууга багытталган.

Евразиялык транспорттук алкактын негизин эл аралык транспорт коридорлору түзөт. Анын Борбор Азия өлкөлөрү үчүн өзгөчө мааниси деңизге чыгууну камсыз кылуу, транспорттук чыгымдарды азайтуу жана бул өлкөлөрдүн ИДПсынын өсүү темпине жылына 1.5%га чейин кошумча салым кошуу болуп саналат.

Башкача айтканда, транспорттук алкактын мааниси жалпысынан Евразия мейкиндигинде жана анын ичинде Борбор Азияда Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк огун бириктирген эффективдүү транспорттук "скелетти" түзүү зарыл. Борбор Азия аркылуу өткөн бул жолдор олуттуу экономикалык синергияга мүмкүндүк берет.

"ОПОП менен Борбор Азияны байланыштыруунун кийинки маанилүү кадамдарына каржы секторундагы байланышты, тагыраак айтканда, финансылык кызматтар жана чек ара төлөмдөрүн жогорулатуу кирет. Кытайдын трансчегаралык банктык которуулар төлөм системасы (CIPS) дүйнөлүк төлөмдөрдө юанга болгон суроо-талаптын өсүп жаткан шартында дүйнө жүзү боюнча популярдуулукка ээ болууда. Борбор Азия банктары да CIPS системасына кошулган. Ошого карабастан, транспорттук байланыш бардык тараптардын кызыкчылыктарына шайкеш келген эң маанилүү артыкчылык бойдон калууда", - деп айтылат гезитте.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости