Тышкы карыз график менен төлөнүшү керек – Улуттук банктын алтыны кредиттерди мөөнөтүнөн мурда жабууга багытталбайт

Тышкы карыз график менен төлөнүшү керек – Улуттук банктын алтыны кредиттерди мөөнөтүнөн мурда жабууга багытталбайт

Соңку убакытта Кыргызстандын тышкы карызы темасы күн тартибине көп көтөрүлүүдө. Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени чечүүдө өлкөнүн алтын-валюта резервин пайдаланууну сунуштоодо. Финансы министри Алмаз Бакетаев өкмөттүн карызы мөөнөтүнөн мурда төлөнсө үстөк пайыздары жогорулап кетерин түшүндүргөнгө аракет кылган. Мындан тышкары, Улуттук банктын алтыны буга багытталбагандыктан, аны бардык керектөөлөргө жумшоо мүмкүн эмес. Ошондуктан, Economist.kg эмне үчүн министрлер кабинети Улуттук банктын алтынын пайдаланып же аны тышкы насыяларды төлөөгө сарптоого жумшай албагандыгын карап чыкты.

Эске салсак, өлкөнүн эл аралык резервдери Улуттук банкка таандык жана алар мыйзамдарга ылайык колодонулат:

• баалардын туруктуулугун камсыз кылуу;

• улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо;

• өлкөдөгү финансылык туруктуулукту камсыз кылуу, башкача айтканда, өлкөнүн коммерциялык банктарындагы аманатчылардын акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу.

Жөнгө салуучу мекеме түшүндүргөндөй, эл аралык резервдер терс экономикалык кесепеттерди тез арада жоюуга багытталган. Буга байланыштуу ликвиддүүлүк жана алардын сакталышын камсыз кылуу жагынан алтын-валюта резервине өзгөчө талаптар коюлууда. Жетиштүү өлчөмдөгү резервдердин болушу Кыргызстандын экономикасындагы туруксуздуктун алдын алууга мүмкүндүк берет.

Ошондуктан, айрым депутаттардын алтын-валюта резервдерди тышкы карызды жабууга жана Улуттук банк үчүн негизги эмес долбоорлорду каржылоого пайдалануу сунуштары өлкөдөгү баа жана макроэкономикалык туруктуулук үчүн олуттуу тобокелдиктерди жана коркунучтарды алып келет жана “КРнын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын ченемдерине түздөн-түз карама-каршы келет.

«Өлкөнүн эл аралык резервдерин максатсыз пайдалануудагы олуттуу тобокелдиктердин бири валюта рыногунда туруктуулукту сактоого көзөмөлдү жоготуу болуп саналат. Эгерде Улуттук банкта тышкы экономикалык соккуларга же валюта рыногунда алып-сатарлык жасоо аракеттерине өз убагында жооп кайтаруу үчүн жетиштүү ресурстары жок болсо, анда алмашуу курсунун туруксуздугу көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн», - деп белгиледи жөнгө КРУБ.

Улуттук банктын алтыны эмнеге багытталган?

Жөнгө салуучу мекеме ички рынокто аффинаждалган монетардык эмес алтынды жергиликтүү алтын казуучу компаниялардан дүйнөлүк баа менен улуттук валютага сатып алат.

Улуттук банк эл аралык резервдерди толуктоо максатында алтынды ички рыноктон сатып алат.

Улуттук банк тарабынан сатылып алынган аффинаждалган монетардык эмес алтындан төмөндөгүлөр өндүрүлөт:

- 1 г, 2 г, 5 г, 10 г, 31 г жана 100 г салмактагы өлчөнгөн куймалар;

- 10.9 кгдан 13.4 кг чейинки салмактагы стандарттуу куймалар.

Алтын куймаларын чыгаруунун негизги максаты - жеке жана юридикалык жактар үчүн каражаттардын альтернативдик топтоо жана инвестициялык инструменттердин рыногун түзүү, ошондуктан бул куймалар кайра сатып алуу укугу менен сатылат.

Алтын-валюта резервдер – мамлекеттик бюджет эмес!

Алтын-валюта резервдери Улуттук банктын көзөмөлүндө турган жогорку ликвиддүү активдер болуп саналат. Алтын-валюта камдары алтын түрүндөгү активдерден жана чет өлкөлүк валютадагы каражаттардын жана атайын карыз алуу укуктарынан турат.

«Эл аралык резервдер министрлер кабинетинин чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелерин өз убагында тейлөө үчүн колдонулат. Улуттук банк өкмөттүн чет элдик валютага болгон муктаждыгын канааттандырат, башкача айтканда, тышкы карыз боюнча милдеттенмелерди аткаруу, төлөө үчүн министрлер кабинетинин карамагында турган чет өлкөлүк валютанын керектүү суммасын улуттук валютага өз убагында алмаштырууну, зарыл болгон мамлекеттик сатып алуулар, эл аралык уюмга мүчөлүк акыларды төлөө, КРнын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүн каржылоо жана башка милдеттенмелери боюнча камсыз кылат», - деп белгилейт Улуттук банк.

Мамлекеттик бюджет алтын жана чет элдик резервдерден өзүнүн максаттары, түзүлүү жана пайдалануу булактары менен айырмаланат. Мамлекеттик бюджет салыктык жана салыктык эмес кирешелерден, трансферттерден, финансылык жана финансылык эмес активдер менен операциялардан жана милдеттенмелер (тышкы жана ички карыздар) аркылуу келип түшкөн кирешелерден түзүлөт.

Мамлекеттик бюджеттин каражаттары коргонуу жана укук тартиби, саламаттыкты сактоо, билим берүү, экономиканы өнүктүрүү, социалдык коргоо ж.б. жумшалат.

Улуттук банк көз карандысыз жана өзүнүн бюджети бар

Белгилей кетсек, Улуттук банктын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Мамлекет жөнгө салуучу органдын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Ошол эле принцип башка багытта иштейт. Ошондой эле, Улуттук банктын келерки жылга кирешелер жана чыгашалар бюджети жана өнүктүрүү бюджети башкармалык тарабынан бекитилет.

Улуттук банктын кирешеси – бул чет өлкө валютасы жана алтын менен операциялардан алынган кирешелер, ошондой эле эл аралык резервдерди башкаруудан, банктарга жана эл аралык уюмдарга берилген кредиттерден, мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча жана башкалар боюнча пайыздык кирешелерден түзүлөт.

Улуттук банк өзү мамлекеттик органдардын түзүмүнө кирбейт жана акча чыгарууга жана акча жүгүртүүнү уюштурууга өзгөчө укугу бар атайын мекеме катары иштейт. Баалардын туруктуулугуна жетишүү үчүн Улуттук банк тиешелүү акча-кредит саясатын өз алдынча жүргүзөт жана бул Улуттук банктын өзгөчө функциясы жана ыйгарым укугу.

Өз кезегинде министрлер кабинети экономикалык өсүш жана тышкы экономикалык ишмердүүлүк үчүн жооп берет жана бул милдетти ишке ашыруу үчүн фискалдык саясаттын инструменттерин колдонот.

Ушундан улам Жогорку Кеңештин депутаттарынын өлкөнүн алтын-валюта резерви аркылуу мамлекеттик карызды мөөнөтүнөн мурда жабуу боюнча пикирлери негизсиз экенин баса белгилей кетүү керек. Тышкы кредиттердин көлөмү 5 млрд 846.4 млн доллардан ашык, алар графиктен тышкары төлөнсө, кредиттердин үстөк пайызы мурдагыдай болбой калат. Эл аралык институттар узак мөөнөттүү кредиттерди төлөө графиги менен берерин түшүнүүгө зарыл. Бул кредиттер үчүн министрлер кабинети, ал эми өлкөнүн финансылык туруктуулугу үчүн Улуттук банк жооптуу.

Read more

Компаньон Банкы CERISE+SPTF’ден алтын сертификатка ээ болду

Компаньон Банкы CERISE+SPTF’ден алтын сертификатка ээ болду

Компаньон Банкы CERISE+SPTF тарабынан кардарларды коргоо принциптерине шайкештиктин алтын сертификатын алды. Кардарларды коргоо компаниялардын социалдык жоопкерчилигинин негизи болуп саналат, ошол себептен Компаньон Банкы кардарлардын муктаждыктарын гана канааттандырбастан, алардын жыргалчылыгына жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошкон финансылык кызматтарды түзүүгө умтулат. Банктын өнүмдөрү жана кызматтары кардарларга күнүмдүк муктаждыктарын чечүүгө, мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга жана

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 2016-жылдан бери Талас облусунда дене тарбия жана спортту колдоого багытталган 98 долбоор үчүн 41.5 млн сом жумшаса, акыркы бир жыл аралыгында 8.7 млн сом каражат жумшалып 12 долбоор ишке ашкан. Бул тууралуу «Альянс Алтын» тоо кен ишканасы билдирди. Алардын бири, 2024-жылдын 24-июлунда «Альянс Алтын»

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» компаниясы Талас облусунан чыккан 2024-жылы Париждеги Олимпиада оюндары менен Дүйнө чемпионатына бара турган Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрүнө колдоо көрсөттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Чоң мелдешке жолдомо алган спортчуларга 100 миң сомдон акчалай сыйлык жана спорттук кийим тапшырылды. Олимп оюндарына жолдомо алган Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Үзүр

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 18.6 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын май айында 927.4 млн сом төлөнүп, бул акыркы үч жыл ичиндеги айларга салыштырмалуу эң чоң салык төлөмү болду. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин компания «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны