Кыргызстанга синтетикалык торлорду алып кирүүгө тыюу салынды

Кыргызстанга синтетикалык торлорду алып кирүүгө тыюу салынды

Министрлер кабинети “КРнын аймагына алып келүүгө тыюу салынган балык уулоочу синтетикалык торлордун, электр менен кармоочу тутумдардын тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомун кабыл алынды.

Такталгандай, синтетикалык материалдардан жасалган балык уулоочу торлор бышык жана сууда дээрлик чирибейт, бул алардын көлдөрдө жана башка суу объектилеринде топтолушуна алып келет. Бул торлордо балыктар чырмалышып өлүп суу объектилеринин чириген балыктар менен булганышына жана бүтөлүшүнө алып келгени суу объекттеринин жагымсыз эпизоотиялык абалына жана бүткүл Кыргызстан үчүн экологиялык кырсыкка алып келет.

Ушуга байланыштуу буга чейин эле мындай торлорду алып кирүүгө мыйзам менен тыюу салынган, бирок синтетикалык торлордун тизмеси аныктала элек жана бекитилген эмес болчу. Эми бул токтом менен тизме аныкталды.

Ага ылайык синтетикалык нейлондон же башка полиамиддик моножиптерден машинада же колго жасалган, жиптин диаметри 0,5 ммден кем жана торчолордун өлчөмдөрү 100 мм кем болгон даяр түйүндүү балык уулоо торлорун (торчонун конструктивдүү кадамымын өлчөмү 50 мм кем) (код ТЭИТН коду 5608 11 800 0), диаметри 0,5 ммден кем жана торчосунун өлчөмдөрү 100 мм кем башка синтетикалык моножиптерден машина менен же колго жасалган даяр түйүндүү балык уулоо торлорун (торчонун конструктивдүү кадамымын өлчөмү 55 мм кем) (ТЭИТН коду 5608 11 800 0), электр тогу аркылуу суу биологиялык ресурстарын алуу (кармоо) функцияларын биргелешип аткарган, туташтырылган өткөргүчтөрү жана аккумулятору (батареялары) бар электр сигнал генераторлорунан турган электрлештирүүчү системаларды жана түзүлүштөрдү (ТЭИТН коду 8543 20 000 0) синтетикалык торлорду Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө тыюу салынат.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы банктар жана башка финансылык уюмдар ортосунда төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана багыттоо иштерин камсыздай турган тез төлөмдөр системасынын бирдиктүү операторун түзүүнү сунуштады. Тиешелүү жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, жаңы система ар кандай банктарда жана финансылык уюмдарда тейленген кардарлардын ортосундагы акча которууларды реалдуу убакыт режиминде — суткасына 24

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги" эл аралык илимий конференциясынын түндүк көтөрүү аземи өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билиим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея,

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Финансы министри Руслан Суйналиев 3-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери жана Wabtec компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-америкалык финансылык-экономикалык кызматташтык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана аларды каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери талкууланды. Атап айтканда, Америка тарап Кыргызстандагы темир жол тармагында келечектүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Жарандар салыктык кызматтарды эми өздөрү колдонгон банктын мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мобилдик тиркеме аркылуу салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, салыктык карызды текшерүүгө жана электрондук патент алууга болот. Мындан тышкары, жарандар жеке ишкер катары катталып, жеке ишкердин күбөлүгүн да электрондук түрдө ала алышат. Бул үчүн