Импорттолуучу айыл чарба продукциясынын бир нече түрү кошумча нарк салыгынан бошотулду

Министрлер кабинети айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн импорттоо үчүн кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдөн бошотуу мөөнөтүн 2024-жылдын аягына чейин узартты. Тиешелүү токтом өкмөттүн сайтында жарыяланды. Төмөнкү товарлардын салык салынуучу беримдерине жана салык салынуучу импортуна 0% кошумча нарк салыгынын ставкасы колдонулат: * инкубациялоо үчүн үй тоокторунун уруктандырылган жумурткалары; * дан эгиндеринин саманы жана

Ишкер Media
Импорттолуучу айыл чарба продукциясынын бир нече түрү кошумча нарк салыгынан бошотулду

Министрлер кабинети айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн импорттоо үчүн кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдөн бошотуу мөөнөтүн 2024-жылдын аягына чейин узартты. Тиешелүү токтом өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Төмөнкү товарлардын салык салынуучу беримдерине жана салык салынуучу импортуна 0% кошумча нарк салыгынын ставкасы колдонулат:

  • инкубациялоо үчүн үй тоокторунун уруктандырылган жумурткалары;
  • дан эгиндеринин саманы жана топону;
  • арпа;
  • сулу;
  • кубулма форель балыгынын тоюту;
  • улпак, чар, кебек жана башка калдыктар;
  • крахмалды өндүрүүдөн чыккан калдыктар, кызылча жому, багасса же кант тростнигинин жому, кантты  өндүрүүдөн чыккан башка калдыктар, барда жана пивону кайнатуудан же винону ачытуудан башка калдыктар;
  • соя майын чыгаруудан алынган, жанчылбаган же жанчылган күнжара (жмых) жана башка катуу калдыктар;
  • өсүмдүк майларын же соя жана арахис калдыктарынан башка майларды чыгаруудан алынуучу, майдаланбаган же майдаланган күнжара жана башка катуу калдыктар;
  • өсүмдүктөрдөн алынган азыктар жана өсүмдүктөрдүн калдыктары жана калдык азыктар;
  • айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу азыктар;
  • ири мүйүздүү мал.
Ишкер Media

По теме