Кыргызстан Кытай менен эттин импорт-экспорт маселесин талкуулады

Кыргызстан Кытай менен эттин импорт-экспорт маселесин талкуулады

2024-жылдын 15-январынан 19-январына чейин Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары М.А. Алияскаровдун катышуусунда Пекинде айыл чарба жана мал чарбасы тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган бир катар маселелер талкууланды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

М. Алияскаров өз сөзүндө Кытай менен айыл чарба тармагындагы өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана эки өлкөнүн артыкчылыктары катары айыл чарбасына инновациялык ыкмалар, сууну туруктуу пайдалануу жана мал чарбачылыгынын заманбап ыкмалары сыяктуу негизги аспектилерди белгиледи.

КРнын аймагында алдыңкы технологияларды киргизүүгө жана айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатууга көмөктөшүүчү заманбап лабораторияны куруу маселесин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. Министрдин орун басары мындай инфраструктуралык долбоорлордун улуттук экономиканы чыңдоо жана айыл чарба тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара сооданы өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууда ошондой эле айыл чарба продукциясын, анын ичинде эт азыктарын импорттоо жана экспорттоо маселелери талкууланды. Тараптар сооданы оптималдаштыруу жана айыл чарба рыногунун туруктуулугун камсыздоого көмөк көрсөтүү боюнча пикир алмашышты.

Министрдин орун басары бул жолугушуулар Кыргызстан менен Кытайдын айыл чарба тармагындагы өз ара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүүнүн маанилүү этабы катары билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мыйзамсыз курулуш аныкталып, дубалдары буздурулду

Ошто мыйзамсыз курулуш аныкталып, дубалдары буздурулду

Ош шаарында мыйзамсыз курулуп жаткан коммерциялык багыттагы объектте курулуш нормаларынын одоно бузулушу аныкталып, сапатсыз тургузулган дубалдар буздурулду. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Б. Осмонов көчөсүндө жайгашкан коммерциялык объект текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш-монтаждоо иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Мындан

Ошто 10 сейил бак пайдаланууга берилди

Ошто 10 сейил бак пайдаланууга берилди

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин 100 күндүк ишмердүүлүгүнүн алкагында 10-июнь шаарда 10 заманбап сейил бак пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясыныны басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин каралбай келген аймактар толугу менен жаңыланып, тургундар үчүн ыңгайлуу эс алуу жайларына айланды. Бардык иштер “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу

2027-жылдан баштап мектеп тамак-ашына бөлүнгөн каражат көбөйөт

2027-жылдан баштап мектеп тамак-ашына бөлүнгөн каражат көбөйөт

2027-жылдын 1-январынан баштап окуучунун мектептеги бир күндүк тамак-ашын каржылоо ченеми 40 сомго чейин жогорулатылат. Тиешелүү чечимди президенти Садыр Жапаров кабыл алды. Азыркы учурда жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусу республикалык бюджеттин эсебинен бир окуучуга күнүнө 14 сом өлчөмүндө каржыланат. Ошол эле учурда балдардын ден

Кытайдан алынып келинген 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды

Кытайдан алынып келинген 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды

Кытайдан ташылып келе жаткан 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Нарын облустук башкармалыгы тарабынан 10-июнда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт автожолу” постунда карантиндик фитосанитардык текшерүү иш-чаралар мезгилинде, Кытайга таандык 24,