Ош облусунун жетекчилиги 2024-жылы аткарыла турган жумуштар тууралуу айтып берди

Ош облусунун жетекчилиги 2024-жылы аткарыла турган жумуштар тууралуу айтып берди

2024-жылдын 22-январында Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында республиканын бардык аймактарындагы жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери 2023-жыл ичинде жасаган иштери жана 2024 боюнча маалымат берилди.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев иш чарада Ош облусу боюнча өткөн жыл ичинде жасалган негизги жетишкендиктерге токтолуп, алдыдагы негизги өнүктүрүү пландарды белгиледи.

Облус башчысынын маалыматында, Ош облусунун 2024-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы иштелип чыгып, анда агро-өнөр жай секторунда туруктуу кластерлерди түзүү, инфраструктураларды өнүктүрүү, туризм тармагын туруктуу өнүктүрүү жана ишкердикти күчөтүү багыттары приоритет катары көрсөтүлгөн.

Ошону менен катар келечектеги социалдык-экономикалык пландарды ишке ашыруу боюнча төмөндөгү конкреттүү чаралар көрүлүп жатат:

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси менен Өзгөн шаарынын борборундагы автотыгын маселесин чечүү боюнча айланма жол куруу. Бул маселени чечүү максатында  Төрт-Көл айыл аймагынан Кароол айыл аймагына келип чыкчуу айланма жолдун болжолдуу суммасы 2.6 млрд сомду түзгөн долбоору иштелип чыгып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Транспорт министирлиги менен тийиштүү иштерди алып барууда.

“Эркештам” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагындагы эки өлкөнүн ортосундагы “Достук” көпүрөсүнүн курулушу бүткөрүлдү. Алай районунун Сары-Таш айыл аймагында жүк ташуучу автоунаалар үчүн унаа токтотуучу жай куруу, ошондой эле “Эркештам” көзөмөл-өткөрүү пунктунан Нура айылына чейин болжолду узундугу 6 км түзгөн 4 тилкелүү авто жолунун курулушу боюнча кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мындан тышкары Кытайдан чыккан транзиттик жүктөрдүн көлөмү көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын Ынтымак айылында иштебей турган чек ара өткөрүү пунктун ишке киргизүү боюнча өзбек тарап менен макулдашуу процесси жүрүүдө. 

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы индустриалдык- логистикалык борборун аягына чыгарып ишке берүү. Ажыратылган 5 га жерге инвестиция тартуу менен Индустриалдык-логистикалык борборун куруу  боюнча иштер башталып,  1-этабында ишке бериле турган трикотаж кийимдерин тигүү ишканасынын курулуш иштери бүткөрүлдү. Аталган долбоор 3 этап менен 2025-жылдын аягына толук бүткөрүүсү каралган. Бул ишкана толук бүтсө 1000 ден ашуун адам жаңы жумуш орду менен камсыздалат.

Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында 10 га аянтына жылдык кубаттуулугу 6 мин тонна пахтадан жип ийрүүчү фабриканы куруу менен миңден ашык  жаңы жумуш орундарын түзүү. Бул боюнча  22 млн долларын түзгөн долбоор даярдалган. 

Облустун аймагында сугат суунун тартыштыгын жоюу максатында Араван, Кара-Суу жана Чоң-Алай райондорунда суу сактоочу объектилерди куруу зарылчылыгы турат. Аталган маселени чечүү боюнча ылайыктуу жерлер аныкталып, долбоор даярдоо иштери көрүлүүдө.

Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагында жылына 1.2 млн тонна кубаттуулуктагы “Стандарт-цемент” ЖЧК цемент заводунун куруу. Бул боюнча 22 га жер аянты ажыратылып берилген жана болжолду суммасы 86 млн долларды түзгөн долбоор иштелип чыгып жеке тараптар аркылуу курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Бел-Алма-Кичи-Алай көмүр бассейнинин көмүрүн экспорттоону көбөйтүү максатында Кожо-Келен тараптан Чоң-Алайдын Кашка-Суу айыл аймагына чейин болжолдуу 50 км жол куруу боюнча тиешелүү иш кагаздары даярдалууда. Муну менен аталган аймакта көмүр казуу менен алектенген ишканалардын Кытайга көмүр экспорттоосу үчүн өбөлгө түзүлөт. 

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 иш-чара демилгесинин алкагында облустун аймагында аткарылуучу 100 долбоордун иш-чарасы түзүлүп, анда экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү багытында чакан жана орто ишканаларын колдоо, айыл чарбасын, энергетиканы жана туризмди өнүктүрүү чаралары, ошондой эле социалдык жана турак-жай коммуналдык инфраструктураны өнүктүрүүдө социалдык объектилердин курулушу, таза суу, жолдорду реабилитациялоо, калдыктарды башкаруу, социалдык өнүгүү жана коопсуздук маселелери камтылган.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк: Алтын уютмаларынын баасы өсүп жатат

Улуттук банк: Алтын уютмаларынын баасы өсүп жатат

Кыргызстандын Улуттук банкынын мердик алтын куймаларын кайра сатып алуу баалары (адамдар банктын алдынан алтын сатып алганда төлөнүүчү баа) өсүүдө. Азыркы баалар (999 пробалуу алтын): СалмагыБаасы (сом менен)1 г13 1752 г25 0735 г60 92210 г120 0271 унция (31,1 г)369 857100 г1 184 641 18-ноябрдан тарта баалардын өзгөрүшү: СалмагыБаанын

Россиянын Кыргызстанга салган ивестициясы 75%га өстү

Россиянын Кыргызстанга салган ивестициясы 75%га өстү

Россиянын Кыргызстанга инвестициясы 75 пайызга өскөнүн экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Кыргыз-Россия ишкер клубунун биринчи жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, Кыргызстан менен Россия ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык ЕАЭБ, КМШ, ШКУ келишимдеринин, эркин соода аймагы жөнүндөгү макулдашуулардын, ошондой эле КР Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БСУ/ВТО) кирген учурдан тартып, аталган

Бишкекте ири өлчөмдөгү кибералдамчылыкка шектүү адам кармалды

Бишкекте ири өлчөмдөгү кибералдамчылыкка шектүү адам кармалды

Бишкекте чоң көлөмдөгү кибер алакаларды жасоого шектүү адам кармалды деп 11-декабрда Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы маалымдады. Мурдараак ШИИББнын тергөө кызматына жаран У.А. кайрылып, өздөрүн УКМК, Улуттук Банк, Антикоррупциялык кызматтын кызматкерлери жана ИИМдин тергөөчүсү катары тааныштырган белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Шектүүлөр У.А. террордук уюмдарды каржылап жатат деген

Элкарт төлөм картасы Өзбекстанда, ал эми Өзбекстандын HUMO картасы Кыргызстанда  жеткиликтүү

Элкарт төлөм картасы Өзбекстанда, ал эми Өзбекстандын HUMO картасы Кыргызстанда жеткиликтүү

Эми HUMO картасынын ээлери Кыргызстанда сатып алгандары үчүн төлөп, накталай акча чыгара алышат, ал эми “Элкарт” карталарынын ээлери Өзбекстанда дал ушундай эле кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алышат. Бул тууралуу “Элакарт” улуттук төлом системасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, долбоор накталай эмес эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүп, саякаттарды ыңгайлуу кылып, транс чек аралык финансылык кызматташтыкты бекемдейт. Кардарлар