Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Кыргызстан менен Ооганстан тоо кен тармагында кызматташууга кызыкдар

Чынгыз Керимбеков
Кыргызстан менен Ооганстан тоо кен тармагында кызматташууга кызыкдар

2024-жылдын 25-январында Ооганстандын борбору Кабул шаарында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен  Ооганстандын тоо өнөр жай жана нефть министринин  милдетин аткаруучу Шахабуддин Делавар жолугушуусу болуп өттү.

Талкуунун негизги темалары тоо-кен өнөр жайынын маселелери, кендерди иштетүү жана кен байлыктарын иштетүүнүн перспективасы тууралуу болду.

Жолугушууда кендерди иштетүүгө байланышкан маанилүү маселелер, анын ичинде темир рудасын эксплуатациялоо, сурьма жана мунай казып алуу маселелери талкууланды. Тараптар тоо-кен, мунай жана газ тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле бул багыттар боюнча жигердүү тажрыйба алмашууга өз ара кызыкдарлыгын билдиришти.

Эки өлкөнүн адистери үчүн биргелешкен окуу семинарларын өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Бул иш-чаралар тоо-кен казып алуу, мунай жана газ секторлорунда эффективдүү иштөөгө өбөлгө түзгөн мыкты тажрыйбаларды жана технологияларды бөлүшүүгө багытталган.

Тараптар тоо-кен тармагындагы амбициялуу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн колдоо жана өз ара түшүнүшүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Кеңешмени жыйынтыктап жатып, министрлер келечектеги күч-аракеттердин, анын ичинде тоо-кен жана мунай-газ тармагындагы жемиштүү болоруна ишеним артышты.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости