Бишкекте айыл чарба тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланды

Бишкекте айыл чарба тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Агродиалог-2024» агрофорумуна катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди. 

Иш-чаранын алкагында өлкөдө айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизги аспектилери, инновациялык технологияларды киргизүү, айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, агрардык сектордо туруктуу практикаларды өнүктүрүү жана башка актуалдуу маселелер талкууланды.

Акылбек Жапаров өкмөт айыл чарба тармагын туруктуу өнүктүрүү жана бекемдөө, атамекендик айыл чарба продукциясын сатуу рыногун издөө жана аныктоо, аны сертификациялоо боюнча пландуу иштерди жүргүзүп жатканын баса белгиледи.   

«Биз айыл чарбасына жаңы методикаларды, технологияларды активдүү киргизип, жогорку түшүмдүүлүк көрсөткүчүн берген сапаттуу үрөндөрдү колдонушубуз керек. Эң негизгиси, фермерлер кайра иштетүү тармагындагы ири өндүрүштөр, мындайча айтканда, бул чөйрөдөгү «чемпиондор» менен кызматташып, биригип, биргелешип иштеши зарыл. Ошондо экспорт үчүн айыл чарба продукциясынын тийиштүү көлөмү болуп, ар бир тарап утушка ээ болот. Биз дыйкандарды каржылоого даяр турган мамлекеттик банктарды капиталдаштырдык.
Ирригация үчүн бардык керектүү техника менен камсыз кылууга даярбыз. Эң негизгиси – дыйкандардын эффективдүү биргелешкен иши. Фьючерстик келишимдерге да көнүү керек. Мындан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча программанын алкагында биз аларга брокколи, помидор өстүрүүнү, тоок багуу менен алектенүүгө үйрөтөбүз, бул келечекте акча каражат табууга мүмкүндүк берет», - деди Акылбек Жапаров.

Read more

Компаньон Банкы CERISE+SPTF’ден алтын сертификатка ээ болду

Компаньон Банкы CERISE+SPTF’ден алтын сертификатка ээ болду

Компаньон Банкы CERISE+SPTF тарабынан кардарларды коргоо принциптерине шайкештиктин алтын сертификатын алды. Кардарларды коргоо компаниялардын социалдык жоопкерчилигинин негизи болуп саналат, ошол себептен Компаньон Банкы кардарлардын муктаждыктарын гана канааттандырбастан, алардын жыргалчылыгына жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошкон финансылык кызматтарды түзүүгө умтулат. Банктын өнүмдөрү жана кызматтары кардарларга күнүмдүк муктаждыктарын чечүүгө, мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга жана

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 2016-жылдан бери Талас облусунда дене тарбия жана спортту колдоого багытталган 98 долбоор үчүн 41.5 млн сом жумшаса, акыркы бир жыл аралыгында 8.7 млн сом каражат жумшалып 12 долбоор ишке ашкан. Бул тууралуу «Альянс Алтын» тоо кен ишканасы билдирди. Алардын бири, 2024-жылдын 24-июлунда «Альянс Алтын»

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» компаниясы Талас облусунан чыккан 2024-жылы Париждеги Олимпиада оюндары менен Дүйнө чемпионатына бара турган Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрүнө колдоо көрсөттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Чоң мелдешке жолдомо алган спортчуларга 100 миң сомдон акчалай сыйлык жана спорттук кийим тапшырылды. Олимп оюндарына жолдомо алган Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Үзүр

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 18.6 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын май айында 927.4 млн сом төлөнүп, бул акыркы үч жыл ичиндеги айларга салыштырмалуу эң чоң салык төлөмү болду. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин компания «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны