Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Акыркы 2 жылда бюджеттин эсебинен 1 553 автобус алынды

Чынгыз Керимбеков
Акыркы 2 жылда бюджеттин эсебинен 1 553 автобус алынды

Финансы министрлиги 2023-жылы Бишкек шаарынын мэриясына 1 000 автобус сатып алууга республикалык бюджеттен 4.5 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлүндү. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Такталгандай, «КРнын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө» мыйзамы менен автобустарды сатып алууга 4.3 млрд сом каралып, анын 3.3 млрд сом каржыланган.

Ошондой эле белгилей кетсек, Ошко автобус сатып алуу үчүн бюджеттен 262.1 млн сом бөлүнүп, аталган каржатка 100 автобус сатылып алынды. 

Мындан тышкары Финансылык кредиттик фонд аркылуу Бишкек шаарына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен келишим тузулуп, 25 млн евролук субкредиттик келишимге кол коюлганАнын  11.1 млн евросу бөлүнүп, 124 газ-автобустар сатылып алынды.

Жалал-Абад шаарынын мэриясына – 10 автобуска 100 млн сом бюджеттик кредит бөлүнүп берилди.

Нарын шаарынын мэриясына – 5 автобус сатып алууга 66 млн сом бюджеттик кредиттик каражат берилди. 

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоордун алкагында 120га жакын экологиялык жана ыңгайлуу электроавтобустарды алып келүү күтүлүүдө.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Жашыл шаарлар 2», терезе 2 «Алкактык программасынын» Бишкек автобустары" долбоору боюнча 2024-жылдын январь айынын аягында 124 даана заманбап, энергоэффективдүүлүгү жогору болгон газ-автобустар алынып келинди. Аталган долбоордун алкагында дагы 70 даана газ-автобустардын алынып келиши күтүлүүдө.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости