«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилери жана инженердик кызматкерлери үчүн окуу курстары иштелип чыгат. Бул тууралуу КРСУ менен «Альянс Алтын» ЖЧКсынын ортосундагы 2024–2026-жылдарга кызматташуунун жол картасын түзүү учурунда белгилүү болду.

Ишкананын маалымат кызматы белгилегендей, Жол картасы билим берүү, илим жана кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жаатында кызматташуунун негизги багыттарын аныктайт. Анын максаты – КРСУ менен өлкөнүн алдыңкы тоо-кен компанияларынын бири ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүктү бекемдөө.

Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында «Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилери жана инженердик-техникалык кызматкерлери үчүн төмөнкү багыттар боюнча ондон ашык билим берүү курстарын өнүктүрүү пландаштырылууда:

• тоо-кен тармагындагы коопсуздук жана инновациялар;

• долбоорду башкаруу;

• лидерлик жана командада иштөө;

• техникалык диагностика жана метрология;

• жаратылыш системаларын рекультивациялоо.

КРСУнун студенттеринин практикасы Жерүй кенинде уюштурулат. Бул келечектеги адистерге реалдуу өндүрүштүк шарттарда практикалык көндүмдөрдү алууга мүмкүндүк берет.

Тараптар ошондой эле тоо-кен иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле экологиялык таза технологияларды өнүктүрүү жаатында биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү макулдашты.

Жыл сайын «Альянс Алтын» компаниясынын 100гө жакын кызматкерлери КРСУда окуудан өтө алышат.

2024–2026-жылдарга билим берүү жана илимий иш-чаралардын бюджети бир нече миллион сомго бааланган. 2026-жылга чейин 15тен ашык жаңы окуу жана прикладдык изилдөө ыкмаларын киргизүү пландаштырылууда.

Жол картасы жыйынтыктарды үзгүлтүксүз баалоону жана тараптардын керектөөлөрүнө жараша иш-чараларды жаңылоо мүмкүнчүлүгүн карайт.

Мындан тышкары окуңуз

Тийиштүү уруксат кагаздары жок, чет өлкө жарандарын ишке тарткан ишкер кармалды

Тийиштүү уруксат кагаздары жок, чет өлкө жарандарын ишке тарткан ишкер кармалды

Адамдын ден соолугуна коркунуч келтирген тамак-аш продукциясын өндүргөндүгү үчүн УКМК тарабынан «КАВиКЕВ» ишканасынын башчысы, КР жараны А.В.К. кармалды. УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдагандай, аталган мекемеде мыйзам бузуу фактылары аныкталып, кылмыш иши козголгон. Ишкана жетекчиси  тамак-аш продукциясын даярдоо үчүн эч кандай тиешелүү уруксат берүүчү, медициналык жана миграциялык документтери жок,

Патент алган жеке жактардын салыктык каттоо процесси жеңилдетилди

Патент алган жеке жактардын салыктык каттоо процесси жеңилдетилди

Мамлекеттик салык кызматы патенттин негизинде иштеген салык төлөөчүлөр үчүн салыктык каттоо жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлгөнүн билдирет. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 29-октябрда Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Салык кызматынын электрондук системасы аркылуу патент алган жеке жак патент берилген учурдан тартып автоматтык түрдө салык органында катталат. Эми

KOPIA долбоору мал чарбасын өнүктүрүүдө кызматташууга даяр

KOPIA долбоору мал чарбасын өнүктүрүүдө кызматташууга даяр

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Кыргызстандагы KOPIA долбоорунун директору Кванг Сог “Питэр” Чунду кабыл алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү жана инновациялык технологияларды киргизүү багытындагы кызматташтык маселелери каралды. Тараптар, өзгөчө, асыл тукум материалдарын коопсуз жана сапаттуу

Мүлк салыгы автоматташтырылып, пенсионерлерге жеңилдик каралды

Мүлк салыгы автоматташтырылып, пенсионерлерге жеңилдик каралды

Мамлекеттик салык кызматы 29-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен КРдин Салык кодексине мүлк салыгы боюнча бир катар өзгөртүүлөр киргизилгенин маалымдайт. Мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептөө киргизилгенине байланыштуу салыктарды эсептөө тартиби, алардын ставкалары өзгөртүлдү. Ошондой эле калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге, турак эмес имараттарга, жайларга жана курулуштарга мүлк