Данияр Амангелдиев АӨБнын Кыргызстандагы директору менен жолукту

Данияр Амангелдиев АӨБнын Кыргызстандагы директору менен жолукту

Экономика жана коммерция министрли Данияр Амангелдиев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы директору Канокпан Лао-Арая айым менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Такталгандай, жолугушуу миссиянын акыркы жылдагы ишмердигинин жыйынтыгын чыгаруу үчүн өттү. Амангелдиев белгилегендей, АӨБ менен эки жарым жылдык кызматташуунун алкагында бизнести колдоого багытталган долбоордук портфелди бекемдөөнүн эсебинен КРдагы долбоорлорго инвестициянын көлөмүн 361 млн долларына чейин көбөйтүүгө мүмкүн болгон.

Каражаттар мамлекеттик реформалар, кризиске каршы чаралар жана инфраструктурага, соодадагы, жеке сектордо долбоорлорду ишке ашыруу жана бюджеттик колдоого жумшалган.

Ошондой эле тараптар АӨБ менен КРнын ортосундагы 2023-2027-жылдарга карата стратегиясын талкуулашты.

Read more

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилери жана инженердик кызматкерлери үчүн окуу курстары иштелип чыгат. Бул тууралуу КРСУ менен «Альянс Алтын» ЖЧКсынын ортосундагы 2024–2026-жылдарга кызматташуунун жол картасын түзүү учурунда белгилүү болду. Ишкананын маалымат кызматы белгилегендей, Жол картасы билим берүү, илим жана кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жаатында кызматташуунун негизги багыттарын аныктайт. Анын максаты

«Альянс Алтын» Талас шаарынын муниципалдык мекемелери менен тегерек стол өткөрдү

«Альянс Алтын» Талас шаарынын муниципалдык мекемелери менен тегерек стол өткөрдү

2025-жылдын 29-январында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык мекемелеринин жетекчилери катышкан тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Бул иш-чарага компаниянын Коомчулук менен байланыш кызматынын өкүлдөрү да катышып, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду тарабынан облустун борборундагы социалдык инфраструктураны жакшыртуу үчүн көрсөтүлүп жаткан жардамдар жөнүндө маалымат

Шумкар-Уя айылдык кеңешинин депутаттары Жерүйдүн иши менен таанышышты

Шумкар-Уя айылдык кеңешинин депутаттары Жерүйдүн иши менен таанышышты

Шумкар- Уя айылдык кеңешинин депутаттары Жерүй алтын кенине иш сапары менен барышты. Депутаттар ишканадагы өндүрүштүк процесстер менен таанышып, жеринде баа беришти. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Иш сапардын алкагында эл өкүлдөрү алтын сактоочу фабриканын жана калдык сактоочу жайдын ишин жакындан көрүп, «Альянс Алтын» компаниясынын кызматкерлеринен маалымат алышты.

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Таластын чек арачыларына жардам берди

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Таластын чек арачыларына жардам берди

Талас облусундагы «Чоң-Капка-автожол» көзөмөл өткөрмө пунктунда реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди. Такталгандай, 2017-жылы фонддун каржылык колдоосу менен кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Чоң-Капка-автожол» көзөмөл өткөрмө пунктунда реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн. Алсак заманбап үлгүдөгү стелла тургузулуп, чек-аранын кире беришиндеги структуралык арканын эки бетине кечкисин жануучу