Сүт өндүрүүчүлөргө пайызсыз 9.6 млн доллар бөлүнөт
Финансы министрлиги сүт өндүрүүчү зайымчы топтордун мүчөлөрүнө ортоктош жоопкерчилик принциптеринин негизинде пайызсыз жана күрөөсүз каржылоого 9.6 млн долларын бөлүп берет. Бул тууралуу мекеме кабарлады.
Маалыматка ылайык, каржылануучу фермерлер, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы сүт өндүрүүчү зайымчы топтордун мүчөлөрү.
Эске салсак, 2023-жылдын 26-майына жалпысынан 100.6 млн сом суммасында 774 займчы каржыланган, анын ичинде:
• Ысык-Көл облусу боюнча 274 займчы менен 35.6 млн сомго 40 келишим түзүлгөн;
• Нарын облусу боюнча 261 займчы менен 33.9 млн сомго 46 келишим түзүлгөн;
• Талас облусу боюнча 239 займчы менен 31 млн сомго 42 келишим түзүлгөн.
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2023-2026-жылдар аралыгына белгиленип, ага ылайык 6 400 субъектти каржылоо пландаштырылууда.