Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Япония 2.2 млн долларлык грант берет

Чынгыз Керимбеков
Япония 2.2 млн долларлык грант берет

Министрлер кабинети Япониянын өкмөтү менен «Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялык программа» долбоору боюнча эл аралык кызматташтык ноталарына жана гранттык макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылы Япония өкмөтү «Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялык программа»долбоорунун алкагында Кыргызстанга кайтарымсыз 2 миллион 260 миң доллар каражат бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алган.  Бул каражат кадрларды даярдоого жана мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жумшалат.

Аталган долбоор 2007-жылдан бери эки  өлкө ортосундагы мамилени жакшыртуу багытында мыкты кадрларды даярдап, алардын билим алуусуна шарт түзүү максатында иштеп келет. JDS долбоору ишке киргенден тартып Кыргызстандык 268 стипендиат Япониянын алдыңкы окуу жайларында билим алууга мүмкүнчүлүк алган.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости