Микрокредиттерди алгандардын саны өстү — 46% керектөө муктаждыктарга алышты
![Микрокредиттерди алгандардын саны өстү — 46% керектөө муктаждыктарга алышты](/content/images/size/w1200/2023/08/1036914495_0_0_5200_2925_1920x0_80_0_0_47ed3280ec4d97383c363b051d5a6e1a.jpg)
Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында 350 миңге жакын адам микрокредиттик уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 17% га көп. Мындай маалыматты Улутстатком берди.
Маалыматка таянсак, алуучуларга 24 млрд сомго жакын суммада же 35.5%га көп микрокредиттер берилген.
I жарым жылдыкта калкка микрокредиттердин берилиши
![](https://im.kg/content/images/2023/08/data-src-image-17f9fb71-c7d6-4b93-a50c-c4fb6cdedaf4.png)
Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны:
- Ош (алуучулардын жалпы санынын 21%га жакын)
- Жалал-Абад (17%дан ашык)
- Бишкек шаарына (16%га жакын) туура келди.
Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек ш. (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 19%дан ашык), Ош (17%), Чүй жана Жалал-Абад облустарынын (15.8%дан) алуучуларына берилди.
Улутстатком 2023-жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн дээрлик 46%ы керектөөчүлүк муктаждыктарына берилгенин, 25%дан ашыгы — айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12%га жакыны — соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5%дан ашыгы — курулушка багытталганын билдирди.
I жарым жылдыкта калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши
(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)
![](https://im.kg/content/images/2023/08/data-src-image-163753ca-d9a5-4f1d-8d0c-a1290096f54d.png)