Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Бишкектин "Бакай-Ата" конушунда ҮМБ ачылды

Чынгыз Керимбеков
Бишкектин "Бакай-Ата" конушунда ҮМБ ачылды

Бишкектин "Бакай-Ата" конушунда үй-бүлөлүк медицина борборунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди.

Иш-чара Жогорку Кеңешинин депутаты жана район башчысы, ошондой эле Катар кайрымдуулук фондунун жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Иштер капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү. Амбулаториянын жалпы аянты 363 чарчы метрди түзөт. Борбор керектүү заманбап медициналык жабдуулар жана эмеректер менен жабдылган. Медициналык мекеме калкка алгачкы жардам көрсөтүүгө жана оорулардын алдын алууга багытталган, оорулардын себебин өз убагында аныктоого мүмкүндүк берет.

Өз кезегинде район башчысы аталган конуштун жашоочуларын жаңы медициналык борбору менен куттуктап, инвесторлорго ыраазычылык каттарын жана белектерди тапшырды.

Эскерте кетсек, үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушу Катар кайрымдуулук фонду менен биргеликте каржыланган.

Бул долбоор Бакай-Ата конушунун жана Свердлов районунун бардык тургундары үчүн саламаттыкты сактоону жеткиликтүү жана натыйжалуу кылат.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости