Чүй облусунда терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Чүй облусунда терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Чүй облусунда “Гласслэнд компани” ЖЧКнын терезе чыгаруучу заводунун курулушу башталды.

Өз сөзүндө Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров, Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн мамлекет жагымдуу экономикалык шарттарды түзүп жатканын билдирди.

“Акыркы үч жылдын ичинде фонддор жана банктар аркылуу миңден ашуун завод, фабрика, ишканага ири суммадагы каржылоолорду жүргүздүк. Бул ишкерлерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Мен заводдун бардык кагаздары менен таанышып чыктым. Импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган өндүрүштү сөзсүз колдошубуз керек. Бул макроэкономикалык көрсөткүчтөргө, бюджеттин кирешелерине оң таасирин тийгизет”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Терезе чыгаруучу жаңы заводун куруу үчүн  “Гласслэнд компани” ЖЧКга 5.3 млн доллар каржылык колдоо көрсөтүп, келишимге кол коюлду. Завод толук кандуу иштеп баштагандан тартып 300 адам жумуш менен камсыз болоору айтылды.

Read more

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Бул тууралуу Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынан билдиришти. Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн аймагында аянты 1,5 гектарды түзгөн «Шумкар» ишканасы курулган. Жергиликтүү бийлик ишкана аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жардам берип, күнүнө 10-15 тонна таштандыны кайра иштетет деген ишенимде. Айыл өкмөтүнүн

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» компаниясы 2024-жылдын башынан бери 7.48 млрд сом төлөп, мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча жаңы рекорд койду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Тоо-кен компаниясында белгиленгендей, 2023-жылы «Альянс Алтын» рекорддук көрсөткүчтү 4,4 тонна алтын өндүргөн, бул өткөн жылдардагы көрсөткүчтөрдөн бир топ жогору. Ошол эле учурда салык

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

2024-жылдын январь-сентябрь айларында Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» кен казуучу компаниясы бюджетти дээрлик 6.2 млрд сомго толуктаган. Сентябрь айында салык төлөмдөрү 767 млн сомдон ашты. Бул тууралуу компания Economist.kgге билдирди. «Альянс Алтын» белгилегендей, алтынды сатуудан түшкөн салык отчеттук мезгилде дээрлик 5 млрд сомго жеткен. Ал эми сентябрь

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди

«Альянс Алтын» тоо-кен казуучу компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди. Рейтинг Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында жарыяланды. Мекеменин маалыматы боюнча, ишкана престиждүү республикалык көрсөткүчтө төртүнчү орунду ээлеген. «Альянс Алтын» белгилегендей, бул жетишкендик компаниянын тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө умтулуусу жана өлкөнүн экономикасына жигердүү салымынын аркасында мүмкүн болду.