Subscribe to Our Newsletter

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks
Евробиримдик Кыргызстандын санарип тармагына €3 млн бөлүп берди

Евробиримдик Кыргызстандын санарип тармагына €3 млн бөлүп берди

2024-жылдын 8-январында Европа биримдиги министрлер кабинетине Кыргызстандагы санариптик трансформация тармагындагы бюджетти колдоо үчүн €3 млн которду. Бул тууралуу уюмдун КРдагы өкүлчүлүгү бтлдирди. Аталган гранттык каражаттар Жогорку технологиялар паркындагы санариптик компетенциялардын инновациялык борборунун ишине көмөк көрсөтүүгө жумшалат. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча атайын түзүлгөн мамлекеттик агенттик аркылуу жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылууга

Ишкер Media profile image
by Ишкер Media

​​2024-жылдын 8-январында Европа биримдиги министрлер кабинетине Кыргызстандагы санариптик трансформация тармагындагы бюджетти колдоо үчүн €3 млн которду. Бул тууралуу уюмдун КРдагы өкүлчүлүгү бтлдирди.

Аталган гранттык каражаттар Жогорку технологиялар паркындагы санариптик компетенциялардын инновациялык борборунун ишине көмөк көрсөтүүгө жумшалат. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча атайын түзүлгөн мамлекеттик агенттик аркылуу жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылууга да багытталат.

Аны менен бирге калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү үчүн өлкөнүн бардык аймактарында "Санарип аймак" системасын жайылтуу жана өлкөнүн киберкоопсуздугун жогорулатууга да каражат керектелет.

Ошондой элее бул чөйрөдөгү бюджеттик колдоо программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тармактык министрликтерде маалымат базаларын жүргүзүүгө жана бүтүндөй өлкө боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багытталат.

Мындан сырткары бюджеттик колдоо электрондук башкарууну, ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту өнүктүрүү үчүн Евробиримдигине мүчө мамлекеттердин жардамы менен мамлекеттик органдар үчүн окутуу программалары менен коштолот.
Ишкер Media profile image
by Ишкер Media

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Read More