Швейцария Саламаттык сактоо министрлигине 43 млн сомдук компьютердик жабдууларды берди

Швейцария Саламаттык сактоо министрлигине  43 млн сомдук компьютердик жабдууларды берди

Бүгүн Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун техникалык жактан жабдууну колдоо максатында КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге 320 компьютер, үзгүлтүксүз энергия булактарын (UPS) жана Касперский лицензиясын тапшырды. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Бул IT жабдуулар Кыргызстандын түштүгүндөгү жана Бишкек шаарындагы 228 баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына өткөрүлүп берилди. Жабдуулар “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” швейцариялык долбоорунун алкагында электрондук саламаттык сактоону чыңдоо максатында өткөрүлүп берилди.

Республикада баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатууда жана жугуштуу эмес ооруларды дарылоону жакшыртууда техникалык жабдуулар маанилүү ролду ойнойт. Ошондой эле саламаттык сактоо программаларына, иш-чараларына мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого көмөктөшөт, жыйынтыгында бул Кыргызстан калкынын ден соолугунун жакшырышына алып келет.

Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору сапаттуу баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыган, ал эми азыр, долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барууда.

Read more

Таластын жаш ишкерке «Альянс Алтын» колдоо көрсөттүү

Таластын жаш ишкерке «Альянс Алтын» колдоо көрсөттүү

Таластык жаш ишкер Бермет Мусаевага жеңилдетилген пайыз менен насыя берилди жана «Хонда стрим» үлгүсүндөгү автоууна гранттык түрдө тапшырылды. Каражат «Альянс Алтын өнүктүрүү фондунан» жумшалды. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди. Ишкер айымга колдоо көрсөтүүгө «Альянс Алтын өнүктүрүү фондуна» республикалык «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк» коомдук фондунан кайрылуу түшкөн. Аталган кайрылууну

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, шылуундар WhatsApp аркылуу билдирүүлөрдү таратып, өздөрүн «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору же кызматкери катары тааныштырышууда. Алтын сатып алууну же компаниянын атынан каржылык операцияларга катышууну сунушташууда. «Булар алдамчылар! Ишенбеңиз! «Альянс Алтын» ЖЧКсы жеке адамдарга алтын сатпайт жана мессенджерлер аркылуу

2024-жылы «Альянс Алтын» бюджетти 9.3 млрд сомго толуктаган

2024-жылы «Альянс Алтын» бюджетти 9.3 млрд сомго толуктаган

2024-жылы Кыргызстандын экинчи ири алтын өндүрүүчү «Алтын Альянс» компаниясы өлкө бюджетине 9.3 млрд сом салык которду, анын ичинде декабрда 883 млн сом. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Компаниянын маалыматы боюнча, 2015-жылы долбоор башталгандан бери компаниянын жалпы салык төлөмдөрү 24.3 млрд сомдон ашты. Көрсөтүлгөн мезгилде Талас алтын кен

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилери жана инженердик кызматкерлери үчүн окуу курстары иштелип чыгат. Бул тууралуу КРСУ менен «Альянс Алтын» ЖЧКсынын ортосундагы 2024–2026-жылдарга кызматташуунун жол картасын түзүү учурунда белгилүү болду. Ишкананын маалымат кызматы белгилегендей, Жол картасы билим берүү, илим жана кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жаатында кызматташуунун негизги багыттарын аныктайт. Анын максаты